50 жыл мурда Айда калган гольф тобу табылды.

50 жыл мурда  Айда калган гольф тобу табылды.

6-февраль 1971-жылы Америкалык астронавт жана "Аполлон-14ттүн " командири Алан Шепард, Айда, гольф тобу менен ойношкон.

Ал скафандрдын чөнтөгүнөн  эки топту алып чыккан. Айды казуучу шайманды хоккей таягы катары колдонуп, Шепард бир нече жолу топту чапкан. Топтун бири жакын жерден учуп келип, кратерге тийген. Экинчиси, космонавттын айтымында, "чакырым  жерге чейин учуп" кеткен.

Миссиянын конуу учурундагы  калыбына келтирилген сүрөттөрүндөн "жоголгон" топ капысынан табылган. Кийин белгилүү болгондой, топ 37 метр гана учкан, деп билдирет Daily Mail.

Айдан,  гольф тобу табылды.Бул  "Аполлон14"түн 50 жылдыгына карата аныкталды.
( Энди Сондерс - бул топту 4-февраль, 2021-жылы тапкан)
Топту санарип сүрөт  тартуучу  адис Энди Сондерс байкаган. Ал эски сүрөттөрдү карап тазалаган жана видеолорду,  аудио жазууларды  кошумча дабыштардан бөлгөн. Натыйжада сүрөттөр өтө жогорку  сапатта болгон. Бул сүрөттөр Сондерстин жакында чыгуучу Аполлон Римастед китебине киргизилмекчи.