Адам өз мүдөөсүнө кантип жетет..? Сарт аке Доскулу уулу...

Адам өз мүдөөсүнө кантип жетет..? Сарт аке Доскулу уулу...

Сарт аке озунуп сүйлѳбѳгѳн, адамдын шагын сындырбаган, илебин кайтарбаган, атайы ѳтүнүч, суроо-талап болгондо гана кепке аралашкан, эгер сүйлѳсѳ, сѳздүн кѳзүн таап, адамдын жумурундагыны билип, уютуп, жибитип, ары курч, ары таамай айтчу экен. Шарты болгон жагдайларда маектешип олтургандардын кимиси болсо да Сарт акеден нускалуу кеп угуп калууга куштар болуп, анын айтканын ар таасын сѳздѳрүн түйүп калууга ынтазар эле дешет. Ошондой бир кѳпчүлүк баш кошуп отурганда, Муратаалы бий сураган экен:

– Сартпай билерманым, эл жүгүн чын ыкластан кѳтѳргѳн адамдын түйшүгү  кандай болот?

– О-о, бул ѳтѳ оор. Аны сѳз менен болжоо да кыйындыкка турат. Салыштырып айтканда, бул түйшүк бийик зоодон кѳчкѳн  кѳчкүнүн чачырандыларын терип чогултканга тете. Тынымсыз түйшүк, ак дилден эл жүгүн аркалоо – кадырман  адамдардын ѳтѳгѳн кызматынын бѳксѳрбѳс, соолбос дарыясы. Анын бүт ѳмүрү да, жашоосу да оор түйшүктѳ болот. Анын жүрѳгү дайыма муңдуу, кайгылуу болот. Эл кѳзүнѳ жыргап жүргѳндѳй кѳрүнгѳнү менен, чынында убайымда жүрѳт.

– Адам ѳз мүдѳѳсүнѳ кантип жетет?

– Максат менен эмгек чырмалышканда, адам баардык мүдѳѳсүнѳ жетет. Максатсыз жашоо болбойт да. Максатсыз жашаган адамдын башка тирүү жандыктан айырмасы жок.

– Бу жалганда эмнени кылдат асыроо керек?

– Бак-таалайды кылдат асыроо керек. Эл оозунда: «Мээнет жалпак, бакты тоголок» деген макал бар. Бактыны асыроо керек. Аны акыл менен, токтоолук, кѳтѳрүмдүүлүк, жѳнѳкѳйлүк, сабырдуулук менен асырабаса, колдон чыгып кетет. Асилинде бак-таалайга жетүүнүн кѳп жолу бар: ак эмгек, адал иш менен, элиңден, тукумуңдан чыккан мыктылар, алардын колдоосу менен, дагы-дагы кѳптѳгѳн ийги жакшылыктар менен, ѳзгѳчѳ Кудайга жагуу үчүн Кудай жолунан чыкпоо керек. Бак-таалайдан ажырап калуу бат эле. Андан ажыроонун айныгыс жолу – текеберчилик, акыл токтотпой кѳпкѳнчүлүк. Адам бак-таалайдан ажыраганда бир акылына келет. Ошондо гана турмушту, ѳмүрдү, тапкан табылганы барктоого мажбур болот. Бул, баштан ѳткѳндѳн кийинки кѳз ачылуу делинет. Баштан ѳткѳндѳн кийин кѳздүн ачылышы да дурус. Муну ѳткѳндѳн таалим-сабак алуу дейт.  Ѳткѳндүн таалим-сабагы адамды билимдүү кылат.  Ошондон улам билимдүү адамдын айтканын кулак сыртынан кетирбей, табылган табылга катары кѳкүрѳккѳ түй, жумурда сакта.  Ошентип, билим да,  асылзаадалык да, байлык да аз-аздан мыскалдап жыйналат.  Ушунун баарынын жыйналган ордосун бак-таалай деп коёт.

– Зѳѳкүрлүк деген эмне?

– Зѳѳкүрлүк – кѳпкѳндүктүн жеткен чеги. Бул эки сѳз катары танапташ. Кѳпкѳндүктүн түпкү үрѳнү байлыкта, кемакылдыкта, жашоонун баркын, адамдын баркын, дүйнѳнүн баркын жана анын кайдан кураларын билбегендикте жатат. Кѳпкѳлѳң адам тизгинин тартпаса, бара-бара жүрүп олтуруп зѳѳкүргѳ айланат. Зѳѳкүр болгон соң ыплас ишке чалдыгат. Ага дүйнѳнүн баары бир, ылгоо жок, барксыз.

– Акылдуулуктун белгиси кайсы?

– Акылдуулуктун жогорку белгиси – кѳтѳрүмдүүлүк, сѳзгѳ эрегишпѳѳ, кек сактабоо, кечиримдүү болуу.

Кечиримдүү, кѳтѳрүмдүү болууда да бир аз жик бар: ѳзүң менен мартабасы, дѳѳлѳтү, акыл-эси тең адамга караганда, артыкча ѳзүңдѳн деңгээли тѳмѳн адамдарга ѳтѳ кечиримдүү болуу абзел.

– Баарынан коркунучтуу деп, Сиз эмнени эсептейсиз?

–  Күнѳѳлүү болуу коркунучтуу. Күнѳѳлүү болгондун тирүүлѳй шермендеси чыгып, бетине кѳѳ жабылат. Ал – тирүүнүн ѳлүгү. Ал эми таза, абийирдүү ѳлүм – ак ѳлүм. Ал коркунучтуу эмес.

– Эң жогорку кадыр-барк кайсы?

– Эң жогорку кадыр-барк, ыйык ардак –  адам алкышына татыктуу болуу;  эң тѳмѳнкү барк – адам наалатына калуу. Наалатка калуу – каргышка калганга тете. Алкышка татыктуу болуу оор, кымбат, ѳтѳ татааал, ал эми наалатка калуу оңой.

– Акыйкат, акыйкатчылык жѳнүндѳ ѳтѳ кѳп эле айтасыз. Деги акыйкат деген эмне?

– Адам баласы жаралгандан бери акыйкатты эңсеп, ошого жетүү үчүн далбас уруп келет. Акыйкат, чындык менен танапташ, маанилеш. Чынчынына келгенде акыйкат -каршылыктын башаты, анткени акыйкат бирѳѳнѳ жакса, бирѳѳнѳ жакпайт. Ошондон улам акыйкаттын жолу катаал, татаал. Ошондой болсо да, акыйкатка жетүү абзел. Акыйкатка жетүү үчүн ак иш, чындык себеп болот. Адамды чындык колдойт, чындык сактайт. Чындык дегендин ѳзү – Кудайдын бир аты.  Пенделер не кылбайт, не дебейт! Кээде Кудайга да сѳз тийгизет; Тиричиликте кѳп эле кездештирип жүрбѳйбүзбү, кээде акыйкаттык менен чындыкты караѳзгѳйлүк, кыянаттык менен тебелеп-тепсеп  да коюшат. Бирок акыйкат деген – акыйкат, чындык деген – чындык. Ал акыры жеңбей койбойт, анткени, акыйкат жана чындык түбѳлүктүү. Ошондон улам элде: «Ак ийилип сынбайт»; «Ит каппай койбойт»; « Жакшыдан коркпой, жамандан корк»; « Акмактан алыс бол»; « Арамзанын мамысына ат байлаба»; «Акмактын башынан жаман ой кетпейт»; «Акмактын ѳзү эле эмес, баскан изи да ыплас» деген накыл сѳздѳр бар. Акыйкаттан, чындыктан утурумдук кордук кѳрүп турсаң да, башыңды ийбе, чѳкпѳ. Акыры акыйкат менен чындыктын үзүрүн кѳрѳрсүң. Акыры пейилиң түз, ишиң ак болсун. Мына ошондо муратка жетесиң.

(«Улуу кыргыз кѳчү»  «Бийиктик» басмасы. 2006-ж.)