Адамдын денесиндеги кызыктуу 25 факт.

Адамдын денесиндеги  кызыктуу  25 факт.

1. Бир сааттын ичинде адам 600000дей эски тери клеткаларын жоготот.

2. Адам уйкусуз 11 гана күн, ал эми тамаксыз - бир жума жашай алат.

3. Чачтардын саны алардын түсүнө жараша болот. Блондинкалардын чачы 146000ге жакын,  кара чачтуу адамдардыкы 110000,  күрөң чачтуулардыкы 100000ге, кызыл чачтуулардыкы  85000ге жакын тал чач болот.

4. Жүрөк күнүнө болжол менен 7000 литр канды  өзү аркылуу өткөрөт. Адамдын  денесиндеги кан тамырлардын жалпы узундугу 96000 чакырымды түзөт.

5. Адамдын сырткы терисинини бетинде 32 миллиондой бактерия жашайт.

6. Эркектерде кызыл кан  бүртүкчөлөрү  см3   аялдарга караганда көбүрөөк болот.

7. Адам 160 км / саатка чейин ылдамдыкта чүчкүрөт.

8. Адам денесинин сөөктөрүнүн жарымы кол жана бутта болот.

9. Адам денесинде болжол менен 72 км нерв системалары  бар.

10. Мурун 50,000 ар кандай жытты таанып, жаттап алат.

11. Ашказан ширеси цинкти  эриткенге  жөндөмдүү.

12. Адамдын сөөктөрү бетондон 4 эсе күчтүү.

13. Жүрөк муштумдай чоңдукта болот.

14. Тил - бул адамдын денесине жабышкан жалгыз булчуң.

15. Эгерде салмакты көтөрүү үчүн бардык булчуңдардын күчүн бир эле жолу колдонсо, анда алар 25 тонна салмактагы жүктү көтөрө алышмак.

16. Орточо эркектин териси 5 кг, орточо аялдыкы 3 кг. болот

17. Адамдын эң чоң сөөгү - бул  сан сөөгү. Эң кичинекей сөөк кулакта жайгашкан

18. Адамдын кулагы жана мурду эч качан өспөйт.

19. Аялдар эркектерге караганда көзүн  эки эсе көп ирмешет.

20. Адам бир кадам жасоо үчүн 50гө жакын булчуң иштейт.

21. Бир сөздү айтууда 70 булчуң чогуу иштейт.

22. Адамдын  денесинде 650дөн ашык булчуң бар.

23. Дүйнөдө уйдун сүтүнө аллергия эң көп кездешет.

24. Адамдын сакалы кырылбаса, өмүрүнүн акырына  дейре  9-10 метрге чейин өсмөк.

25. Буттун тырмактары колдун тырмагына  караганда 4 эсе жай өсөт.

Булак: Varaweb

Которгон;Калил Надирабегим.