АКШ ушул күндөрү Навальныйдын айынан Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү пландап жатат.

АКШ  ушул күндөрү Навальныйдын айынан Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү пландап жатат.

Байдендин администрациясы ушул жумада Россиянын оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын ууланып, түрмөгө камалганы боюнча Орусияга санкцияларды киргизүүгө камданып жатат, деп билдирди CNN Ак үйдүн кызматкерлеринин айтканына  шилтеме берүү менен.

Расмий өкүлдөрдүн биринин айтымында, санкциялар жеке жактарга дагы, юридикалык жактарга дагы таасир этет жана аларды киргизүү Европа Бирлиги менен макулдашуу боюнча ишке ашат. Чаралар жана анын так мөөнөтү жакынкы күндөрү АКШ жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү тарабынан такталат.

Бул санкциялар келечекте Вашингтондун Москвага карата жүргүзгөн саясатына өзгөчө маанини берет, деп эсептейт гезит. Алар ушул сыяктуу кадамдарды таштап, Россия менен түздөн-түз тирешүүдөн качкан Трамптын администрациясынын ыкмасынан четтеп кетишкендигин  белгилешмек.

Байдендин администрациясы адам укуктарын урматтоонун жана бул санкциялардын алкагында союздаштар менен биргеликте иштөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө "күчтүү билдирүү" жиберүүнү көздөп жатат, дешти расмий адамдар. Ошондой эле жакынкы апталарда Россияга болгон кыйынчылыктарын кеңейтүү пландары бар.

Талкууланган варианттардын бири - "америкалык демократияга жасалган көптөгөн чабуулдар" үчүн Орусияга каршы санкциялар жөнүндөгү жарлык.

Дүйшөмбү күнү БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери оппозициялык орусиялык саясатчынын ууландырылышы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.

"Улуттук бийликтин адекваттуу эмес иш-аракетин, тыюу салынган химиялык куралды колдонууну жана максаттуу өлтүрүүлөрдүн ачык-айкын көрүнүшүн эске алып, биз эл аралык иликтөөнү тез арада жүргүзүп, фактыларды аныктоо жана мырзанын уулануусунун бардык жагдайларын тактоо керек деп эсептейбиз.  "Рейтер агенттиги атайын докладчылардын айткандарына таянып, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешчиси (БУУ АДК) Агнес Калламард жана Айрин Хан билдирди.Россия Навальный мырзанын ууландырылышына тиешеси бар деген бардык айыптоолорду кескин түрдө четке кагып, Германиядан бул иш боюнча бардык материалдарды, анын ичинде эксперттердин корутундуларын берүүнү талап кылууда.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Коммерсант" гезитине берген интервьюсунда Берлин атайын докладчылардын чакырыгынан кийин эл аралык коомчулуктан "жашыруун материалдарды" жашырууну токтотуп, табылган заттардын формулаларын отчеттордо жарыялайт ,- деген ойдо.

"Бул иш боюнча чындыкты табуу үчүн биздин каалоолорубуз дал келип жатат. Ушул убакытка чейин орус тарап ФРГ бийликтеринен  Навальныйдын химиялык  зат менен ууланганынын маанилүү далилдерин камтыган маалыматтарды берүүнү суранган жана азыр талап кылууда. , "деди Захарова.

Которгон.Күннура Рахманова.