Алгы сөз ; АР БИР ТАМГАНЫ СЫЛАП-СЫЙПАП ЖАЗАБЫЗ, ЖЕ ОПТИМАЛДАШТЫРУУНУН ОҢ-СОЛУ

Алгы сөз ; АР БИР ТАМГАНЫ СЫЛАП-СЫЙПАП ЖАЗАБЫЗ, ЖЕ  ОПТИМАЛДАШТЫРУУНУН ОҢ-СОЛУ

РЕДАКЦИЯДАН;   21-кылымдын эң көйгөйлүү маселелеринин бири, бул кадрдык саясат.  «Крышаларынын » далдаасына коргологон не бир жаш кадрлар  ишенип берген ишти сүйрөп кете албай, бирок дымактары ай чапчыйт. Аргасыз,  учурдагы коомуңа нааразылыгыңды айткандан башка аргаң да калбагандай. Албетте, бардык жаштарга акаарат келтиргенден алыспыс, өз кесибин мыкты өздөштүргөн жаштар да бар. Бирок тилекке  каршы мындай жаштар беш колуңдун сааласындай гана. Коомдогу  мына  ушундай  көйгөйдөн  улам, биз төмөндө  белгилүү журналист, Ысык Көл облусунун ардактуу  атуулу, бир катар сыйлыктардын ээси  Шейшекан Жаналиеванын   макаласын жарыялоону ыйайыктап турубуз.

“Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле, чыгалбай турган көз эле чыгып кетти өзү эле” деген накыл-кептен бир саам оолак болуп көптөн бери жандүйнөмдү эзип тынчтык бербей, кытыгылап, түрткүлөп жүргөн ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди урматтуу окурман “Кайсыл кыйраткан окурман бар дейсиң, жыл өткөн сайын гезиттердин баркы кетип, гезит кабарчыларынын эл арасындагы кадыр-орду бир топ эле төмөн түштү. Гезит окугандан көрө интернет желесиндеги баш оорутпаган, жан кейитпеген, эң негизгиси биздин алтындай убактыбызды албаган жеңил-желпи ушак-айыңдарга кызыкканыбыз, ык тартканыбыз алда канча пайдалуу. Жок, гезиттердин окумалдуулугунан мурда аларда түзүлгөн шарттар кандай, журналисттик кесиптин ысык-суугуна күйүп, чыдап иштейм деген жаштар барбы?! Акимдер, айыл аймактарынын башчылары, мекеме-уюмдарды башкарып турабыз деген баш бакандай жетекчилер гезит беттерин барактап, эң кур дегенде көз кырларын салып өтүшөбү? Эмне үчүн гезит керек, анын жообу барбы, болсо кандай? ж.б.у.с. эл арасындагы кайчы пикирлердин арааны улам барган сайын жүрүп,  көптөгөн көз караштардын “ооматы” артып учкул мезгил менен кошо жарышып, арыш керүүдө.

Гезиттин түйшүгү жеңил-желпи, оңой-олтоң жумуш эмес. Керек болсо биз ар бир тамганы сылап-сыйпап, эркелетип, эркелеп жазабыз. Антпесек, ээ менен баяндоочтун ордун таппай карайлап калаарыбыз анык. Бир тамганын, ал тургай үтүр менен чекиттин, суроо белгиси менен илеп белгисинин  адам тагдырын калкалоочу, талкалоочу орду бар. Бир үтүр бир адамды өлүм жазасынан камырдан кыл суургандай сууруп чыккандыгы тарыхый чындык!

   “Жакшы заман келгенде, жаштар бизди кубалаар”,-деген Калыгул олуянын даанышман кеби эрксизден эске түшөт. Келечек жаштардыкы, анда эч талаш жок. Кептин төркүнү кайсыл тармакты албайлы улуу муун менен жаштардын ортосундагы көз караштардын, пикир келишпестиктердин, тагыраагы түшүнбөстүктөрдүн тамырынын кенен жайылып, курчуп бараткандыгында. Балким “ойду омкоруп, тоону томкоробуз”, заманбап техниканын тилин билебиз, кааласак интернеттен көчүрөбүз, кантип  сөз курап чүргөп жазганды билбейли” деген дымактуу  журналисттердин, блогерлердин “чыгармачылык” беделдерине шек келтирип жаткандырбыз... Эгерде андай болсо кечирим суроого даярбыз. Бирок чындык өтө өжөр, ал бүгүнбү, эртеңби баары бир өз үстөмдүгүн жүргүзбөй койбойт.  

80 жылдан ашуун тарыхы-таржымалы бар облустук “Ысык-Көл кабарлары”, “Вести-Иссык-Куля” гезиттерине башкы инженердин көз болоорунан кабар алганыбыздан бери ортодо бир топ талаш-тартыштар, кайчы пикирлер, көз караштар келип чыкты. Угушубузга караганда, башкы инженер гезиттин мазмунуна, окумалдуулугуна, кабарчылардын кесиптик деңгээлдерине жооп бербейт. Анын жоопкерчилиги гезиттин нускасын арттыруу менен чектелет имиш. Ачык айтканда акылга сыйбаган чечим, эгерде гезиттин нускасын көбөйтүү жоопкерчилигин жалгыз өзүнө алса, анда жакшы, кош колдоп кубаттаар элек. Бирок бул куру кыял, ойдон чыгарылган жомок. Ырас, гезитте иштөө да, анын нускасын көбөйтүү да улам барган сайын кыйындап, татаалдашып бараткандыгы жашыруун эмес. Облустук эле эмес, дегеле гезиттерде иштөөгө, калемдерин кайрап такшалууга азыркы жаштар эч кызыгышпайт. “Тележурналист, блогер” болгондон башка аларда бийик максат жок. Тез эле жылдыз оорусуна чалдыгышат. 

Соңку 10-15 жылдан бери облустук эки гезитке жаш кадрлардын тартылышы кескин солгундады, дээрлик жок деп айтсак туура болот. Мунун себебин канча жолу кайталап айтсак да аздык кылат, гезитте иштөө өтө оор. Гезит беттерине чагылдырылган ар бир тармактын күңгөй-тескейин ар тараптан терең түшүнүү, маектештерибиздин оңду-солду айткандарын иретке келтирип жазуу үчүн тажрыйба, чыгармачылык туюм, эң негизгиси кесипкөйлүк деңгээл керек. Бул жалгыз эле менин пикирим эместигин данистей кетейин. 

“Албетте, сырттан караган кишиге гезиттин иши оңой-олтоң көрүнүшү мүмкүн, бирок гезиттин ар бир санын чыгаруунун канчалык жоопкерчилиги, оор түйшүгү бар экенинин түшүнгөндөр гана түшүнүшөт. Мисалы мен 35 жылдык журналисттик эмгек жолумду радио, теледе, гезитте сынап, такшалдым деп айта алам. Гезитте иштеш үчүн сөздүн дыйканы болуш керектигин терең өздөштүрдүм. Сүйлөмдөрүң кайталанбаш үчүн синоним сөздөрдү чеберчилик менен таба билишиң керек. Бир  сүйлөм менен оюңду жыйынтыкташ, эң негизгиси сөздөрүң бирин-бири кайталабаш үчүн бир канча синоним сөздөрдү тизмектөөгө туура келет. Белгилүү тележурналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова “Ленинчил жаш” гезитинен кыргыз радиосуна барганда “жайлоого агытылган аттай сергип калдым- деп гезит менен радионун түйшүгүн бекеринен  салыштырып айтпаса керек.  

 “Эгерде гезитте иштеп такшалбаганымда “мен” деген дымактары күчтүү тележурналисттердин  тепкисинде  тез эле калып, аларга жеңил эле жеңилип бермекмин. Кимисин айтпайын  радио, теле журналист катары тажрыйбалары мол болгону менен баары бир гезиттерде иштеген кесиптештеримдей сөз түбүнө түнөй алышпастыгын билдим. Гезит такшалуунун чоң мектеби, сөздүн, тилдин баркын тереңдетет,”- деген КТРКнын маданият, тарых, тил телеканалынын шеф-редактору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Гүлмира Кулумбаева “Нарын правдасы” гезитинде иштеген жылдарын ушул бүгүн да унутпайт. Кесиптеш эжелеримдин пикирлерине толук кошулам. Чындыгында эле гезитте иштеш кыйын”,- теңир-тоолук акын жана журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Сайрагүл  Касымованын ФБдагы соцбаракчасы аркылуу медиа-борборлордун оң-солуна, кадрдык жүрүштөргө карата сын пикирлерине кошулбай кое албайсың. 

Кептин баары кадрдык саясатта, өң-тааныштыкта, бармак басты, көз кысмайларда болуп жатпайбы.. “Аюу деле велосипед тепкенди үйрөнөт турбайбы, биз эмне, эки буттуу айбанча жокпузбу?”деген айрым жаштардын көз караштары боюнча, кожодой колдогон “крышалары” болсо-анда чыгармачылык деген түйшүк түккө турбаган, керек болсо колуң менен кармап, жон териң менен сезип көрбөгөн болоор-болбос бирдеме, мындан чуу жаратып да кереги жок. Жөндөн-жөн нервиңерди чыңай бербей, тынч олтурсаңар болот. Баары бир келечек биздики, демек, ээлеген кызматыбыз кесибибизге, билимибизге, тажрыйбабызга туура келсе, келбесе да биздин “жоопкерчилигибизди” жула качпагыла”,-деген ой-пикирлерге кулагыбыз бышып бүттү. 

 “Ысык-Көл медиа” борборунун башкы инженеринин гезит жана сайт боюнча башкы директорунун орун басары болуп дайындалгандыгы тууралу ФБдагы соцбаракчама жазганымды окугандардын арасында   акыл үйрөткөндөр, кеңеш бергендер болду. “Гезиттин кереги жок. Туризм, жемкорлук ж.б темаларды жазбайсыңар. Акча аласыңар, гезитиңердин нускасы аз. Гезитиңерди сатканга техник керек. Жаштарга жол бошоткула, инженер-техник болсо эмне экен. Гезитти чыгаруу азыр оңой”  ж.б.у.с.ар ким өз деңгээлдерине жараша пикирлерин жазышты. Гезит эмес, журналистикадан кабары жок блогерлерден “акыл” үйрөнгөнүмө “кубандым”.

Ырас, айрым сын-пикирлерди колдоого болот, чындыгында эле мамлекеттик гезиттердин (республикалык, облустук) нускалары аз, материалдык-техникалык базабыз чеке жылытпайт, эмгек маяналарыбыз тууралу айтып, айтпай не... Элет көйгөйлөрүн, айыл турмушун, тигил, же бул тармактардын күңгөй-тескейин чагылдыруу үчүн  командировкаларга чыгышыбыз керек да, кадырыңар жан болсун, “командировка” деген сөздү унутуп да калдык окшойт.  Массалык маалымдоо каражаттарындагы реформаларды, оптималдаштырууну (облустарда) түздөн-түз колдобосок да кыйыр түрүндө колдогон элек. Тилекке каршы, улам барган сайын маанайыбыз түшүп, көнүлүбүз чөгө баштады. “Медиа-борбор” деген бир түндүккө бириккенибиз менен “өз” жана “өгөй” деген эки жээкке бөлүнүп калгандайбыз. Гезитте иштегендер өгөй эненин балдарына айландык, бул ак сөз. Бизге моралдык да, материалдык да колдоо жок. Иштөө шартыбызда эч өзгөрүү сезилбейт, “чаңкаганыбызда суу, чарчаганыбызда чай ичебиз, кыскасы, заманбап шартта иштейбиз” деген ишенчибиздин изи сууп, үмүтүбүз өчүп баратат. 

Арийне, 2020-жыл өтө оор жылдардан болду, пандемиядан улам каржылоо маселесин чечүү бир топ татаалдашты, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган таажы вирусунун кесепетин терең түшүнүүдөбүз. “Үмүтсүз шайтан” демекчи, жакшы күндөрдөн үмүтүбүз өчпөй, гезитибиздин окумалдуулугу артса, нускасы көбөйсө деген изги ой-тилек менен чыгармачылыктын түйшүгүн тартуудабыз. Тилекке каршы, кадрдык жүрүштөр, адилетсиз чечимдер, “өз” жана “өгөй” деген жүр-нары мамиле Медиа борборлорун бир түндүккө бириктирбестигин данистеп койду. Үстүртөн эмес, тереңден баам таштап, байкоо  салсак, “жаштар, улуулар, гезитчиктер, тележурналисттер” деген муундар, кесиптер ортосундагы пикир келишпестиктердин арааны жүрүп жаткандай.  Ал ырас, буга чейин деле муундар ортосундагы бөлүнүп-жарылуулар, пикир келишпестиктер болуп келген, мындан ары да боло бермекчи. 

 Балким, биз, улуу муундар азыркы жаштардай карааны көрүнбөгөн курбуларыбызды “крышабыз” деп ооз көптүрө албаганыбыз менен макоо чалыштырбыз. Балким, биз улуу муундар, азыркы жаштардай жылдыз оорусу дегенди билбегенибиз, кызматтык тепкичтер, жалган да болсо атак-даңк үчүн кимдир бирөөлөрдүн этегине эрмешип, жакасына жармашканды үйрөнбөгөнүбүз үчүн чабалдарбыз. Балким деген  оюңду  улантып жаза, көз карашыңа чекит койбой   каза берсең, сөз түгөнбөйт. Ачык эле айталы,  сөздүн гүлүн, ойдун тереңин биз (мен) гезитке жазган ар бир макалаларыбыздан терип-тепчип телчиктирип тапканыбыз үчүн “Ысык-Көл кабарлары” (“Ысык-Көл правдасы” гезитинин  80 жылдан ашуун тарых-таржымалы көөнөрбөй келеатат. Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева “Ысык-Көл правдасы” менин университетим” деп бекеринен айтпаса керек. Андыктан нечен акын-жазуучулар, журналист-калемгерлер, жаштар үчүн такшалуунун чыныгы мектебине айланган гезиттин өмүрү узак, жолу байсалдуу болсун деген изги тилек бизде бекем!

 2021-жылдын 17-мартында облустук  гезитте  иштегениме туура 40 жыл толот. Мына ушул жылдардын ар бир бүктөмдөрүндө кыргыз журналистикасына кошкон салымымдын издери жатат. Демек, гезит мен үчүн ыйык!  Кесиптин ысык-суугунун, ийгилигинин, жемишинин, үзүрүнүн, сыймыгынын даамы кандай таттуу болоорун жон теримден сезип, жүрөгүмдөн өткөргөнүм үчүн оптималдаштыруунун оң-солу, күңгөй-тескейи тууралу жазганымды чекилик катары санабайм.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Ысык –Көл облусунун  ардактуу атуулу