Ажал менен арбашкандар же байкалбас баатырлар...

Ажал менен арбашкандар же байкалбас баатырлар...

          Бүтүндөй дүйнөнү, ал түгүл  байманасы ташыган мамлекеттерди да аралап,  миллиондогон  адамдардын өмүрүн алган бул каргашалуу апаатта  ажал менен арбашкан теңиртоолук  ак халатчандардын  эмгегин кандай мактап, даңктасак да, кандай урмат-сый көрсөтсөк да аздык кылаарын айтуу менен  бул макаланы  окурмандардын  назарына сунуштайбыз.  

 

                       Өмүр менен өлүмдүн ортосунда от кечип…  

               Ат-Башы райондук аймактык  ооруканасынын  28 жаштагы  балдар дарыгери Айзада Темирбекова мындан үч жыл мурда Кыргыз медициналык академиясынын педиатрдык факультетин бүтүрүп, ординатурасын борбор калаада өтөп жаткан кезде алгачкы турмуштук жолунун  мындай оор сыноолорго кабылаарын ойлобогондур.  Ооба, үмүт тилектери алда кайда оболоп, кайталангыс сезимдерге бөлөнгөн жаш дарыгердин  учкул кыялдарын капилеттен ааламды каптаган аты суук  илдет  быт-чытын чыгарып, ойрон кылды. 2020-жылдын март айында башталган пандемияда улуу муундагылардын  «кызыл зонага»  кирүүгө уруксат берилбегендигинен дарыгерлердин жетишпегендиги райондук бийлик менен оорукана жетекчилерин убайымга салды.  Гиппократтын антын тумардай ыйык тутунган  Айзада Темирбекова ооруну жуктуруп алгандан коркуп, кетип калганга жүрөгү даабады. Кезегинде аталган  ооруканада дарыгер? болуп иштеп, азыркы тапта Бишкекте кесибин улантып жаткан апасы Султанбаева Асылдын каршы чыкканына карабай «кызыл зонага» кирип,  алгачкы күнү 17 бейтапты кабыл алды. Ооба,  өмүр менен өлүмдүн өртосунда от кечкен  ал күндөрдү эстегенде денеси ичиркене түшөт. Алгачкы айларда атайын кийимдердин, зарыл керектүү медициналык каражаттардын жоктугу  дары-дармектердин жетишсиздиги эң оболу Саламаттык сактоо министрлигинин   ооруну дарылоого сунуш кылынган атайы протоколдун жоктугу дарыгерлерди кабатыр кылды.   Жергиликтүү бийлик ээлери менен оорукананын  жетекчилиги айыл өкмөттөрүнөн жардам сурап,  комбинзон тиктирүүгө аргасыз болду. Мындан башка жол жок эле.

                   Таажы вируска ишенбегендер илдетти өрт алгандай күчөттү

       Эл арасында  желдей тараган:«бул вирус эмес экен, доктурлар акча алыш үчүн эле грипп менен ооругандарды жаткырып атышыптыр» деген  ушак-айыңдын, ал түгүл айыгып чыгып кеткен бир жигиттин доктурлардын бир таблетка дары беришпегиндигин  айтып, социалдык тармакта  кыйкырып чыкканы элди дүрбөлөңгө салды. Ача-Кайыңды айлынын жаштарынын ооруканага жатуудан баш тартуу тууралуу ызы-чуу кылып, митингге чыкканы  Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурбек Сатаров менен Ат-Башы райондук аймактык  ооруканасынын Илимбек Бейшеналиевди кабатыр кылды. Бет кап кийбегендердин, санитардык эрежелерди сактабагандардын,  ооруп калгандардын ар кайсы дарыны ичип, үйүндө жата бергендердин айынан илдет  өрт алгандай күчөп, өлүм-житим көбөйө баштаганда гана эл бул дарттын  өтө коркунчтуу экендигин кеч  түшүнүп калганына кейиген Айзада Темирбекова  көкөйүнө көк таштай тийген азаптуу ал күндөрдү мындайча эскерди:

         -Эпидемиянын экинчи толкунун эстесем денем ичиркене түшөт. Не деген азаптуу күндөрдү баштан кечирбедик. Аба өтпөгөн атайын кийимдерди кийип жүргөндө тердеп, колубуз бышарып кетет. Психикалык жактан катуу жабыркадык. өлүмдөн алып калмакка жан алакетке түшүп, маңдайынан кетпей карап олтурган  пациентиңдин заматта көз жуумп кеткени  жүрөгүбүздү сыздатты. «Кызыл зонадан» чыккандан кийин  он төрт күн үй карантининде  чогуу жаткан медсестра, санитарка эжелер үй-бүлөсү менен телефон  аркылуу сүйлөшүп, кичинекейлеринин сагындык качан келесиз дешип  ыйлашканын көргөндө көздөрүнө жаш алышат. Акыры баардык кыйынчылыктарды көтөрүп, сабырдулук менен жеңип чыктык-деген Айзада Темирбекова   кудайдын буйругу менен ажалдан алып калган 83 жаштагы көр оозунан кайткан бир байбиче тууралуу бул окуяны  айтып берди.

                         Апасынын бутун кучакта  буркураган мигрант

         Нөөмөткө келсе өтө оор абалдагы  83 жаштагы бир байбиче жатыптыр. Кант диабети көтөрүлүп кетип, дары-дармек жардай бербей начарлай баштаганда кыздары  Россияда иштеп жүргөн   беш жылдан бери көрүшө элек уулун чакыртышат. Терезеден карап: «Апамды айыктырып бергиле, үнүн угайын» деп көз жашын  көлдөткөн мигрант жигиттин көңүлүн жубатышты.

       - Апа, чочулабаңыз, күндөн-күнгө жылыш бар, анализдериңиз жакшы, сакайып кетесиз,-деген татынакай, илбериңки  жаш дарыгердин  мындай  жылуу сөзүнө кубаттанып,  үмүттөнүп айыгып кеткен байбичени  палатадан колтуктап  сыртка чыкты. Эшик алдында күтүп турган уулунун: «Апакем менин бейишим сиздин таманыңызда» деп бутун кучактап буркураганын көргөн  жаш дарыгер  токтоно албай аларга кошулуп ыйлап ийди.  Ооба, өзү айткандай  бул кубанычтын көз жашы эле…

            Оорунун күчөп турган маалында бирде ыйлап, бирде сооронуп, өлүм алдында жаткан пациенттери айыгып кеткенде жаш баладай кубанып, апасына сүйүнчүлөгөн жаш дарыгер тууралуу айтсам сөзүм түгөнбөйт. Эмесе азыркы тапта  таажы вирустун дале баш көтөрүп арабызда жүргөнүн элес албай,  өткөн жылдагы апатты унутуп койгондордун  саламаттыгына кабатырланып, асыл кесибине болгон сүйүүсү артып, эл алкышына арзыган алтын колдуу дарыгер Айзаада Темирбековага жашоодогу бардык жакшылыктарды тилейбиз.

               Башын канжыгага байлап коюшуп…           

           Ата конушуна келип, алгачкы эмгек жолун Ак-Талаа аймактык  ооруканасынын  жугуштуу оорулар жана хирургия бөлүмдөрүндө  иштөөдөн баштаган  Санжар Жумагулов 2019-жылдын 10-ноябрын өмүрүндөгү бактылуу көз ирмемдерин бири катары  жүрөгүндө сактап келет.  Ооба, ал күнү уулунун ата кесибин жолдогонуна сыймыктанып, акыл-насаатын айтып, ак батасын берген  ооруканада узак жылдардан бери хирург, рентгенолог болуп  иштеп, эли-журтуна кадыр-баркы арткан атасы Карагулов Кубанычбектин  да кубанычы чексиз эле.  2020-жылдын 30-июнунда  ординатураны аяктап, экзаменден чыкканда оорукананын  башкы дарыгери…  шашыла  ал-жайын сурап, дарыгерлер жетишпей  кыйналып жатышканын  айтып, тезинен келип, иштеп берүүсүн өтүндү. Дароо жетип келип,  «кызыл зонага» киргенде  «он экинин бири жок, уй байлаарга жиби жок» көрүнүштү, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан  протоколдун берилбегендигин,  дары-дармектердин аздыгын көргөндө  санааркай түштү. Адегенде таажы вирусуна ишенбей, саниардык эрежелерди сактабай кол шилтеп коюп, ооруну жуктуруп алгандардын көптүгүнөн   бейтаптар палатага батпай коридорго жаткырылды. Аба жетпей деми кыстыгып, катуу абалда келгендерге эки  кислороддук концентратты  ары-бери сүйрөп, колдонуп, түнү  уйкудан калып, жан алакетке түшүп,   иштеп жатышты.

                   Атамды  ажалдан алып калалбаганыма  жүрөгүм тилинип кетет

 үнү каргылданып, муңая үн каткан Санжар Жумагуловдун  мындай суук сөзүнө селт дей түшүп, эмне дээримди билбей калдым.  Күткөн эмесмин, оозума сөз кирбей  көңүл жубатаар кайрат айтканга араң жарадым.

             -2020-жылдын 7-июлу кан жуткурган каражолтой күн катары  жүрөгүмө кара так калтырып кетти эже.-деп сөз учугун улады дарыгер.-Атам  хирург, реаниматолог  Карагулов Кубанычбек пандемия  башталгандан тартып, кара жанын карч уруп, күн түн дебей   оорулууларды кабыл алып,  өпкөсүн УЗИге тартып атып,  ооруну  жуктуруп   алып,  эки тараптуу пневмания менен  бөлүмгө жаткырылып, абалы заматта оордой түштү. Оорукананын хирургдары атамдын шакирттери  Койчубеков Улан менен Мырзабек уулу Жылдызбек байкелер жанымда болушуп, кеп-кеңештерин айтып турушту. Бишкектеги кесиптештериме телефон чалып, консультация алып жаттым. Деми кыстыгып, кыйналып жаткан атамды канчалык далбастап, кудайдан зарланып тилегеним  менен  ажалдан алып калалбадым. Аттиң өзөгүмдү өрттөп кеткен кайгым, арылбаган арманым атамдын сөөгү кара пакетке оролгон  бойдон дароо жерге берилгенин эстегенде алигиче  жүрөгүм тилинип кетет-, деген Санжар Жумагулов  оор үшкүрүнүп, далайга  үн катпай тунжурап туруп калды.

        Саамга үзүлгөн сөз учугу кайра  уланганда  атасы катуу кыйналып жатканда реаниматологду  чакырса телефонун  албай койгонуна, башкы дарыгердин  колум бошобой жатат деп келбей койгонуна  катуу таарынганын да көөдөнүнө каткысы келбеди. Атасынын  каза болгонун угуп, ошол эле бөлүмдө жаткан жакын тууганы   да  өзүн таштап салып, көз жумганын  айта кетти. Эки өпкөсүнөн сезгенип, катуу кыйналган апасын өлүмдөн  алып калууга да жандалбастап, болгон билимин, эмгегин  жумшап атып, акыры ажалынын жоктугунан аман калганын кошумчалады.   «Кызыл зонадагы» азаптуу күндөрдө жанында болуп,  өз милдеттерин так аткарышкан  бардык медициналык кызматкерлерге айрыкча  башкы эмчи айым Байысканова Аидага,  Арунова Аселге, санитарка Абдылдаева  Жылдызга ыраазычылыгын билдирди.

                       COVID-19дан  кутула элекбиз, алдыда  коркунучттар бар

        Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын  кайра жандандыруу бөлүмүнүн  анестезиолог-реаниматологу  Айбек Байбеков   да  пандемиянын күчөп турган маалында  өзүнүн кант диабети менен жабыркап, жүрөгүнөн операция  болгонуна  кайыл болуп,  “кызыл зонага”  кирип,  кийимдери сууланганча  тердеп, тамакка табити тартпай бетине  бырыш  түшүп, кыйналганын эске түшүрдү. өзү да пневманияга кабылып, ооруканада дарыланып,  карантинден жаңы чыкканда  оорукананын жетекчилеринин өтүнүчү менен “кызыл зонада” иштеп, көптөгөн бейтаптарды сакайтып, алкышын алыптыр. Пациенти   сакайып кеткенде кубанып,   оор абалдагылардын жанынан чыкпай   дем алдыруучу ИВЛ  аппаратын оозуна такап,  карап олтурганынын акыбети кайтпай   каза болуп калганда кейиген Айбек Байбеков алгач оорунун  башталышы,  кандайча өөрчүгөндүгү   табышмак болгонун,  айыктыруунун  ыкмасын  тандап алуу кыйынга турганын, аппараттын аздыгын,  гепарин, клексан сыяктуу дарылардын аптекаларда жок болгонун өкүнүү менен айтып олтурду.

Иммунитет туруктуу болсо вакцинанын зарылчылыгы жок болуп  калат                                             

           -Оору өтүшүп кеткенде кан коюулуп,  кан тамырларды бүтөп, мээ, жүрөк,  өпкө, боор, ашказан,  ичеги карынды  сезгендирип, акыры өлүмгө дуушар кылгандыгы менен коркунчтуу экенине күбө болдук,-дейт дарыгер.-Улгайган  кант диабети жана жүрөк оорусу барлар вирустун оор симптомдорун көтөрө албай калышууда. Эл аралык эксперттердин  маалыматына таянсак дүйнөнүн белгилүү окумуштуулары  оорунун   2022-жылга чейин  создугушу ыктымалдыгын айтып, вируска каршы   дарылардын канчалык таасирдүүлүгүн аныктап жатышат. Менин оюмча  илдет жайында күчөшү мүмкүн. Азыркы тапта ымыркайлар менен жаш балдар  пневмония  менен көп ооруп жатышат. Учурда бейтаптарды  дарылоо  кадимки сасык тумоого каршы күрөштөй эле жүргүзүлүүдө.

      Вируска каршы күрөшүүдө  витаминдүү тамак-аштарды, жашылча-жемиштерди жеп,  таза абада басып, көнүгүүлөрдү жасап туруу пайдалуу. Ал эми сактануунун ишенимдүү жолу  колду самындап  жууп, маска тагынып, аралыкты сактоо  экендигин эстен чыгарбоо зарыл. Иммунитет  туруктуу болсо вакцинанын да кереги жок болуп калат-деген  пайдалуу кеңештерин айткан Айбек Байбеков  аңгемелешүү учурунда   вирустун али да  арабызда аңдып жүргөндүгүн өз саламаттыгына кайдыгер карагандарды этектен алып, жанын кыйнап, өлүм-житим катталып жатканын  андыктан   бул дарттан оолак болуунун бирден-бир ишенимдүү жолу алдын алып, сактануу керектигин айтып, элибизди илдеттен  сак болууларын өтүндү.

            Ооба,  бүтүндөй дүйнө элинин жай турмушуна бүлүк салып,  өлүм менен коштолуп, оорду толгус оор жоготууларды,  жүрөк сыздаткан  муң-зарды  алып келген каргыш тийгир таажы вирусу менен күрөшүүдө  ажал менен арбашкан ак халатчандардын  нар көтөргүс эмгегине  баш ийип, таазим этебиз.

          Эмесе  жараткан өзүңүздөргө, үй-бүлөңүздөргө Улукмандын жашын, улуулуктун атын жылоолосун. Ак дилден алкышыбызды айтып, жашооңуздарга  жакшылыктарды тилейбиз. Арабызда аман болуңуздар байкалбас баатырлар...

                   Бурулсун Дыйканбаева. журналист Нарын шаары.