Бирин бири сүйүшкөн жубайлар (жомок)

Бирин бири сүйүшкөн жубайлар (жомок)

 Илгери-илгери   качандыр  бир  замандарда  эки  дос  болгон  экен.  Мына  ошол  эки  дос  балалуу  болушуп  бири  кыздуу,  бири  уулдуу  болот,  анан  достугубуз  куда-сөөккө  айлансын  деп,  кызы  менен  уулун  да  үйлөндүрүп  коюшкан  экен.  Кыз менен  жигит   бири  бирисиз  жашай  албай,  бирин  бири  ушунчалык  урматтап,  сыйлап   бирин  бири    абыдан   сүйүшчү  экен.  Ошондой  бир  күндөрдө   жаш  жубайлардын   ата-энеси  дүйнөдөн  өтүшөт.  Жаш  үй-бүлө   жашоонун   арабасын  өзүлөрү  тартып,  кыз  ушунчалык  саймачы   атыгып,  үйүнөн  сайма  сайып,    күйөөсү  аны  базарга  алып   барып  өткөруп,  оокат  кылышат.  Кыздын  сайган  саймасындай  сайманы  эч  ким  сая   албай  эстери  эки  болот.  Саймачыны  көрүүгө  ашыккандардын   саны  эсепсиз  болот.  Мына  ошондо   бир  бай  байбача  жигиттин  алдын  күнүгө  тосуп  туруп,    тигинин  болгон  саймасын  сатып  ала  берет.  Бир  күнү   тиги  жигиттен   сага  бул  саймаларды  ким  сайып  берет,-  деп  сурайт.  Жигит  -мен  дагы  бирөөлөрдөн  сатып  алам,-  деп  коет. Мына  ошондо  тиги  бай  адам  жигит  менен  достошуп  үйүнө    нечен  курдай  чакырып,  анан  күндөрдүн   бир  күнүндө,  -эми  сенин  үйүңө  конокко  барам  деген  шартын  коет.  Достукту  терең  сыйлаган  ал  жигит  макул  алып,  байды  үйүнө  ээрчитип  келет.  Жигиттин  келинчеги  байга  эч  көрүнбөй,  сырттан  тамак  ашын  жасап  берип  турат.  Жигиттин  колуктусун  көрүүнү  эңсеген  бай,  жигиттин  чайына    катуу  уктаткан  дарыны  байкатпай  кошуп  коет,  жигит  бир  аз  убакыт  өткөндөн  кийин   абыдан  катуу  уктап  калат.  Мына  ошондо    байбача   жигиттин   колуктусун  күчкө  салып   уурдап  кетет.   Келин  байбачадан   бир    теше  шекер  кошо  алып  алууну  абыдан  суранат.  Байбача  макул  алып,   бир  теше  шекерди   төөсүнө  кошо  жүктөп  алып  жөнөйт,  келин  күйөөсү  издесе   таап   алсын  дегенсип,   шекерди  жолго  куюлгудай  кылып    тешип  коет,  шекер  куюлуп  жүрүп  олтурат.   Бир  жерге  эс  алганы  отурушкан  учурда   келин  күйөөсүнө  белги  катары   отурган  жеринде,   кичинекей  ташка  саймасын  бастырып  кетет. 

 Узак  убакыт  уктаган  жигит  ойгонуп   аялын  байбачага  уурдатып  жибергенин  билет   да   аялынын  өтө  айлакерлигин   эстеп,    куюлган  шекер  боюнча   артынан    издеп  жөнөйт. 

Байбача  өтө  акылдуу,  сулуу,  саймачы  аялдуу  болгонуна  кубанып  келе  жатканда  алдынан  жети  каракчы  чыгат  да   келинди   байбачадан  тартып  алышат.  Бирок  аялдын  сулуулугуна  суктанган   каракчылар  аялды  талашып,  уруша  башташат. Мына  ошондо  келин,- мен  баарыңардын  көзүңөрдү  таңайын,  анан  жашынам,  кимиңер  мени  көзүңөр  таңылган  боюнча  таап  алсаңар,  мен  ошонуңарга  турмушка  чыгам,  бирок  мен  издегиле   демейинче   бир  орундан  жылбайсыңар,-  деп  катуу  эскертет.  Каракчылардын  баары  макул  алып,  көздөрүн  таңдырып,   келиндин  -эми  издегиле  деген  сөзүн  күтүп  отура  беришет.  Келин  каракчылардан  качкан  боюнча  калың  токойго  кирип  кетет.  Каракчылар    таңдан  кечке   көздөрү  таңылган  боюнча     отурушуп   келинге   алданышкандарын  билишет  да,  келинди  издеп  жөнөшөт.   Каракчылардан  качкан   келин  токойго   кирээри  менен         узакка  адашып  жүрөт  да   чарчагандан  уктап  калат.  Чуру  чуудан   чоочуп  ойгонгон  келин  айланасындагы   элди  көрүп,   коркуп  кетет.  Колуна  куш  кондурган  бир  кары   адам   ал  келинге  минтип    айтат.  –Биз  сени  узакка- узакка  издедик,  учурган  кушубуз  бир  аптадан   бери  асманды  айланып  гана  учат,  анан  ушул  жерге  келип  конду,    келсек   сен  уктап  жатыптырсың,  эми  сен   бизге  хан   болосуң,   ханыбыз  бир  дагы   перзенттин   үнүн   уга  алган  жок.   Ал  жан  таслим  болоор  алдында,  бизге  аманат   калтырган.  Андыктан   анын  ишин,    хандын  кушу  кимдин   башына  консо   ошол  гана  улантсын,-   деген     буйругу   бар  деп   айтышат.  Келин   бул  адамдардын  айткандарын  макул  алып,  хан   сарайга  келип,    хан   бийлигин  жүргүзө  баштайт.    Оюунан   таптакыр  күйөөсү  кетпейт.    Хан  сарайда  анын  аял  экенин  эч  кимиси  билбейт.  Ал  өтө    калыс,  адилет   хан  атыгат.  Бирок  өмүр  бою  мындай  жашырынып  жүрүүгө   болбостугун   сезет  да,   бир  күнү  күйөөсүн   издетүүнү   ойлонот.  Ал  келин    жигит  болуп    кийинген    кийимин  чечинип,   сайма  сайып,   сүрөткө  түшүп,  аны  шаардын  бардык   жерине   илдирет  да,  анан  минтип  буйрук  берет, - кимде  ким  ушул  сүрөттүн  жанына  келип    сүрөттү  көпкө  карап,   бир  нерсе  дегендердин  баарын   кармап  келгиле,-  деген   тапшырма  берет  жигиттерине.  Күндөрдүн  бир  күнүндө  жети  каракчы  сүрөттүн   жанына  келип  сүрөттү   сөгүп-сагып,   ар  кайсыны  айтып  киришет.  Акмалап  турган  хандын  жигиттери,-эмнеге  бул  сүрөттү   сөгүп  жатасыңар,-деп  сурашат.   –Бул  сүрөттөгү  аял  бизди  алдап  качып  кеткен  аял  болчу,  канча  күндөн  бери  издеп  таппай  жүрөбүз,-  деп  жооп  беришет   алар.  Хандын  жигиттери  аларды  алып  келип   зынданга   салып  коюшат.  Дагы  бир  күнү    бир  байбача  сүрөттү   көпкө  карап   туруп,-  сени  ким  катын  кылып,   жыргап  жатты    экен,  эми   бир    колума  тийсең  эч  убакта   колумдан  чыгарбайт  элем,-  деп,  анан   ыйлап  кирет.  Жигиттер  аны  да  зынданга  алып  келип,  салып   коюшат.  Бир  канча  күндөн  кийин  баягы  сүрөттүн  жанынан  кетпей  муңканып  ыйлаган   бир  жигит  пайда  болот.   –Сен  эмнеге  ыйлап  жатасың?-деп  сурашат  хандын  жигиттери.  Бул  менин  аялым  болчу,  муну  уурдап  кетишкен,  мен  муну  издеп  дүйнө  кезип  келе  жатам,-  деп   буркурап  ыйлай  берет.  Бул  кабар  ханга  бат  эле  жетет.  Жигитти  алдырып  келген  хан  ага  минтип  суроо  берет.  –Сен  аялыңды  сүйчү  белең ?----Абыдан   сүйчү  элем,-  дейт.  –Сен   аны   таппай   калсаң ,  башка  бирөөгө  үйлөнөт  белең?  деп  сурайт   хан.  –Жок,  “сулуу  сулуу  эмес  сүйгөн  сулуу “- деп  жооп  берет  жигит.  Күйөөсүнүн  өзүнөн  башка  эч  кимди  сүйбөсүн   билген  келин,  жигиттерин  сыртка  чыгарып  жиберип,  хан кийимин  чечип  күйөөсү   менен  көрүшөт.  Кантип  хан  болуп  калганын     күйөөсүнө  айтып  берет.  Келин  хандыкты  жүргүзүп  жаткан  мезгилдерде  көбүнчө  күйөөсүнүн   кебетесин  жасап   анан   хандык  жүргүзө  турган.  Анын  сүрөткер  саймачылыгы  ага  көп  жардам  берип,   аны  ар  түрдүу   кырдаалдардан   алып  чыга  турган.  Ошентип  күйөөсүн   хан  кылып,  өзүлөрүнө  залал  келтиргендердин  жазасын   берип,  жубайлар  бактылуу,  таалайлуу  өмүр  сүрүшүп,  көп  балалуу  болушуп,  элине  адилет  бийлик  жүргүзүшөт. Ошондон     ушул  күнгө  чейин  “сулууну  сулуу  дебе    сүйбөгөн   соң”, “ суусарды  жылуу  дебе  кийбеген   соң” ,  “сулуу  сулуу  эмес,  сүйгөн  сулуу ,  сүйбөгөнгө  сүйкөнбө”,    деген    макал   тарап  кетет.

Токторозо Касым.

kasymova.info