Бүгүн Баткен аймагында күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бүгүн Баткен аймагында күчү 3,5-4  баллга жеткен жер титирөө  катталды.

2020-ж. 01.09. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.