Дени сак жашоо образы-деген эмне?

Дени сак жашоо образы-деген эмне?

Дени сак жашоо образы - бул оорунун алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо максатында жеке адамдын жашоо образы. Дени сак жашоо образы - бул туура тамактануу, физикалык даярдык, адеп-ахлак жана жаман адаттардан баш тартуу аркылуу ден-соолукту чыңдоого жана сактоого багытталган адамдын жашоосу жөнүндө жагдай.

Философиялык жана социологиялык багыттын өкүлдөрү П. А. Виноградов, Б. С. Эрасов, О. А. Милштейн, В. А. Пономарчук, В. И. Столяров ж.б. сергек жашоо образын глобалдык социалдык аспект, жалпы коомдун жашоосунун ажырагыс бөлүгү деп эсептешет.

Психологиялык-педагогикалык багытта Г. П. Аксенов, В. К. Бальсевич, М. Я. Виленский, Р. Дитлс, И. О. Мартынюк, Л. С. Кобелянская ж. б. "Сергек жашоо образы” аң-сезим, адам психологиясы, мотивация көз карашы менен каралат. Башка көз караштар дагы бар (мисалы, биомедициналык), бирок алардын ортосунда кескин чек жок, анткени алар бир көйгөйдү - адамдын ден-соолугун чыңдоого багытталган.

Дени сак жашоо образы - бул адамдын жашоосунун ар кандай аспектилерин өнүктүрүүнүн, жигердүү узак жашоого жетишүүнүн жана социалдык функцияларды толук аткаруунун өбөлгөсү.

Дени сак жашоо образынын актуалдуулугу социалдык жашоонун татаалдашына байланыштуу адам  акыл эсиндеги  "жүктүн" көбөйүшү, мүнөзүнүн  өзгөрүшү, техногендик, экологиялык, психологиялык, саясий жана аскердик аракеттердин, тобокелдиктердин көбөйүшү менен шартталат, андан  ден-соолуктагы   терс жагдайлар  пайда болот.

Дени сак жашоонун элементтери

Дени сак жашоо образы - бул эмгекке, коомдук, үй-бүлөлүк жана тиричиликке, адамдын жашоосунун бош убактысына активдүү катышуу болуп саналат. Тар биологиялык мааниде, адамдын сырткы чөйрөнүн таасирине жана ички чөйрөнүн абалындагы өзгөрүүлөргө карата адамдын физиологиялык адаптациялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сөз болот. Ушул темада жазган авторлор сергек жашоонун ар кандай компоненттерин камтыйт, бирок алардын көпчүлүгү аны негизги деп эсептешет:
• эрте жаштан баштап сергек адаттарга  жана көндүмдөргө  үйрөнүү. 
• айлана-чөйрө: жашоо үчүн коопсуз жана жагымдуу, айланадагы объекттердин ден-соолукка тийгизген таасири жөнүндө билүү.
• зыяндуу адаттардан баш тартуу: өзүн-өзү мыйзамдуу дары-дармектер менен ууландыруу алкоголдук, тамеки  тартуудан баш тартуу.
• тамактануу:  белгилүү бир адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, керектелген тамак-аштын сапаты жөнүндөгү  маалымдуулукту билүү.
• кыймыл: физикалык активдүү жашоо, анын ичинде курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен атайын физикалык көнүгүүлөр (мисалы, гимнастика);
• организмдин гигиенасы: жеке жана коомдук гигиенанын эрежелерин сактоо, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын өздөштүрүү.

Адамдын физиологиялык абалына анын психо-эмоционалдык абалы чоң таасирин тийгизет, ал өз кезегинде анын психикалык мамилесинен көз каранды. Ошондуктан, айрым авторлор ошондой эле сергек жашоонун төмөнкү кошумча аспектилерин белгилешет:
эмоционалдык  маанай, психикалык гигиенаны, өз сезимдериңизди, кыйын кырдаалды жеңе билүү.
интеллектуалдык  аң сезим, адамдын жаңы шарттарда оптималдуу аракет кылуу үчүн жаңы маалыматты таанып билүү жөндөмү;
• руханий жыргалчылык; чындап маңыздуу, конструктивдүү турмуштук максаттарды коюу жана аларга умтулуу, оптимистик көз караш.

Адамдардын ден-соолугун чыңдоого өбөлгө түзгөн сергек жашоо образын калыптандыруу үч деңгээлде жүргүзүлөт:
• социалдык;
 маалымат каражаттарында үгүттөө, маалыматтык-агартуу иштери,
инфраструктуралык: жашоонун негизги чөйрөлөрүндөгү конкреттүү шарттар (бош убакыттын, материалдык ресурстардын болушу), профилактикалык (спорттук) мекемелер, экологиялык көзөмөл;
• жеке: адамдын баалуулук багыттарынын тутуму, күнүмдүк жашоону стандартташтыруу.

Сергек жашоо обарзы боюнча 10 кеңеш

Эл аралык дарыгерлер тобу, диетологдор жана психологдор тарабынан сергек жашоонун негизин түзгөн 10 кеңеш бар. Алардын артынан ээрчүү менен, жашообузду узартып, бакубат жашоого  жете  аласың.

1 кеңеш: кроссворддорду жасоо, чет тилдерди үйрөнүү, менталдык эсептөөлөрдү жүргүзүү,  мээни машыктыруу. Ошентип, акыл-эс жөндөмүнүн жаш курагына байланыштуу деградация процесси жайлайт; жүрөктүн, кан айлануу системасынын жана зат алмашуунун иши активдешет.

2-кеңеш; эмгек сергек жашоо образынын маанилүү бөлүгү. Сизди бактылуу кыла турган туура жумушту табыңыз. Окумуштуулардын айтымында, бул сизге жаш көрүнүүгө жардам берет.

3-кеңеш: Көп тамак жебеңиз. Адаттагы 2500 калориянын ордуна 1500дүн тегерегинде аласыз. Бул клеткалардын иштешин сактоого, аларды түзүүгө  өбөлгө түзөт. Ошондой эле, адам ашыкча  тамактанбашы керек.

4 кеңеш: Меню жаш курагына ылайык болушу керек. Боор жана жаңгак 30 жашка чыккан аялдарга биринчи бырыштын пайда болушун басаңдатууга жардам берет. Бөйрөктө жана быштакта болгон селен 40 жаштан жогору эркектерге пайдалуу жана стресстен арылууга жардам берет. 50 жылдан кийин жүрөктү формада кармаган магний жана сөөктөргө пайдалуу кальций керек, ал эми балыктар жүрөктү жана кан тамырларды коргоого жардам берет.

5-кеңеш: баардык нерсеге өз оюңуз болушу шарт. Аң-сезимдүү жашоо мүмкүн болушунча аз депрессияга түшүүгө жардам берет.

6 кеңеш: Сүйүү жана назиктик сизди узак жаштоого жардам берет, андыктан өзүңүзгө түгөй табыңыз. Адам сүйгөндө организмде пайда болгон бакыт гормону (эндорфин) иммундук системаны чыңдоого жардам берет.

7 кеңеш: Салкын бөлмөдө (17-18 градус ысыкта) уктаган жакшы, бул жаштыкты сактоого жардам берет. Чындыгында, организмдеги зат алмашуу жана жаш өзгөчөлүктөрүнүн көрүнүшү айлана-чөйрөнүн температурасына байланыштуу.

Кеңеш 8: Көбүрөөк кыймыл аракетте болуңуз. Окумуштуулар күнүнө сегиз мүнөттүк спорт менен машыгуу да өмүрдү узартарын далилдешти.

9-кеңеш: Мезгил-мезгили менен өзүңүз калыптанган нерселерди  "бузуп"  алсаңыз да болот. Дени сак жашоого байланыштуу сунуштарга карабастан, кээде даамдуу нерселерди да жеңиз.

10-кеңеш: Бир нерселер үчүн өзүңүздү күнөөлөй бербеңиз. Ар кандай оорулар, жада калса залалдуу шишиктер дагы, өзүн-өзү жемелөөдөн келип чыгат ар кандай  ооруларга көп  урушуп-талашкан адамдар  кабылат.

Оптималдуу жумуш жана жетиштүү эс алуу ден-соолугубузга дагы таасир этет. Физикалык гана эмес, ошондой эле психикалык жактан күчтүү иш-аракет да  нерв системасына жакшы таасирин тийгизип, жүрөктү, кан тамырларды жана жалпы организмди чыңдайт. Көпчүлүккө белгилүү эмгек мыйзамы бар. Физикалык эмгек менен алектенген адамдар эс алууну талап кылышат, бул физикалык активдүүлүк менен гана байланыштуу болбошу керек эс алуу учурунда психологиялык  жактан  да алектенүү   жакшы болот. Мисалы , китеп окуу,  ар нерселерге ой жүгүртүү.Жумушу акыл-эс ишмердүүлүгүнө байланыштуу адамдар үчүн, эс алуу учурунда физикалык эмгек менен алектенүү пайдалуу.

Күнүмдүк мындай  иш-аракеттер  заманбап адамдын жашоосунда азыраак кездешет, бирок ден-соолукту сактоодо бул фактордун ролу чоң. Адамдын жашоо ритми сөзсүз түрдө жумушка, эс алууга, уйкуга жана тамак-ашка убакытты камтышы керек. Күнүмдүк режимди сактабаган адам убакыттын өтүшү менен кыжырданып, ашыкча жумуштарды топтойт, мындай адамдар стресстен жана оорудан көп жабыркашат. Тилекке каршы, заманбап адамга күнүмдүк режимди сактоо кыйынга турат, уйкуга бөлүнгөн убакытты курмандыкка чалыш керек, убакыт болгондо гана тамактануу ж.б.у.с. Туура күн тартиби ден-соолукту сактоого гана эмес, жашооңо жакшыр жардам берет убактты   жакшы уюштуруу зарыл.

Ошондой эле, биздин ден-соолугубуз жакшы уйкудан  да көз каранды. Нерв системасынын нормалдуу иштеши үчүн жетиштүү уйку зарыл. Уйкуга болгон муктаждык ар бир адамда ар кандай болушу мүмкүн, бирок орто эсеп менен алганда 8 сааттан кем эмес уктоо сунушталат.Уйкунун такыр жетишсиздиги иштин төмөндөшүнө жана катуу чарчоого алып келет. Уйкусуздуктан кыйналбоо үчүн физикалык же акыл эмгегин уктаардан 1 саат мурун токтотуу керек. Акыркы тамак ичүү  уктоого чейин 2 сааттан кечиктирилбеши керек. Жакшыраак желдетилген бөлмөдө уктаганыңыз оң, ошондой эле бир маалда уктап, жатканыңыз оң.

Дене тарбия - ден-соолукту чыңдоонун эң маанилүү каражаттарынын бири. Күнүмдүк 20 мүнөттүк кичинекей көнүгүү да өтө пайдалуу. Гимнастика, жеңил атлетика, ачык оюндар жүрөк-кан тамыр системасы, өпкө, таяныч-кыймыл аппаратын чыңдоо үчүн өтө пайдалуу. Чуркоо нерв жана эндокриндик системаларга оң таасирин тийгизет. Жөө басуу ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Эсептөөлөргө караганда, 1 саат ылдам басуу 35 граммга чейин май ткандарын күйгүзөт.

Дени сак жашоо образы  улгайган адамдар үчүн да  керек экенин  унутпаңыз. Жашы улгайган адамга да жаш курагы үчүн оптималдуу физикалык көнүгүүлөр керек. Дене тарбия жетишсиз болгондуктан, улгайган адамдарда семирүү, зат алмашуу оорулары пайда болуп, кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогорулап, ичеги-карын жолунун иши бузулат. Бул курактагы физикалык активдүүлүк дозаланып, жаш курагына ылайык келиши керек экендигин эстен чыгарбоо керек.

Күннура Рахманова.