ГМО-трансгендик организм деген эмне..?

ГМО-трансгендик  организм деген  эмне..?

ГМО- Генетикалык Өзгөртүлгөн Организмдер - генетикалык инженерия методдору менен башка өсүмдүктөдүн өсүү  мөөнөтүнөн  мурда  көбөйүшү жана даамынын жакшырышы. Башка түрдөгү организмдин генетикалык материалын колдонуп өзгөртүлгөн организмдер трансгендик деп аталат; бул табигый  өсүү  менен  дал келүүсү мүмкүн эмес.Тирүү организмдин айрым гендерин киргизүү менен  анын геному жасалма жана максаттуу түрдө өзгөртүлгөн ( атайын  жасалган ) организмдер микроорганизмдер, өсүмдүктөр, жаныбарлар болуп саналат.

Бул өзгөрүүлөр жаңы, күтүлүп жаткан касиеттерге ээ организмди алуу максатында  жүргүзүлөт. Демек, айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн бул зыянкечтерге туруштук берүү, сактоо.ГМОго болгон мамиле бүгүнкү күндүн эң талаштуу маселелеринин бири. Акыркы он жылдыкта илимий чөйрөдө, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте ГМОнун пайдасы же зыяны жөнүндө талаш-тартыштар басыла элек. Бирдиктүү пикир али калыптана элек, жана ушул кезге чейин дүйнө ГМОнун ишенимдүү тарапташтары жана айыгышкан каршылаштары деп экиге бөлүнүп калды.
Чындыгында, 2015-жылы генетикалык модификацияланган өсүмдүктөр АКШда жыйналган кант кызылчасынын 99%, соянын 94%, пахтанын 94% жана жемдик жүгөрүнүн 92% түздү. Өзгөртүлгөн буудайдын, тамекинин, картошканын жана кулпунайдын олуттуу түшүм алынды.
Бүгүнкү күндө ГМО- планетанын бардык айыл чарба жерлеринин 12% өзгөртүлгөн өсүмдүктөр ээлейт. Өзгөртүлгөн өсүмдүктөр эң көп өстүрүлгөн өлкөлөр: Америка Кошмо Штаттары (60%), Аргентина менен Бразилияда экинчи, Парагвай менен Уругвайда үчүнчү, Канадада төртүнчү, Индияда бешинчи орунда турат
Бүгүнкү күндө ГМО - компоненттери, тигил же бул формада, биздин жашообуздун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө бар. Бул, биз буга чейин  көрүп, пайдаланып  келген чындык, артка  кайтуу  албетте, кыйынга турат.

ГМОнун оң  жактары.
- Селекцияны жана гибридизацияны тездетүү. Буга чейин гендик инженерия методдорун колдонбостон, белгилери бар жаңы сортту жаратууга ондогон жылдар талап кылынган. Эми бир жылдын ичинде өзгөртүлгөн  селекцияны  алууга болот. Аба ырайынын терс шарттарына жана зыянкечтерине туруктуу түрлөр ушундайча алынат.
- Өндүрүш чыгымдарын азайтуу (жер семирткичтер, гербициддер, инсектициддер аз талап кылынат), демек, өстүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жогору.
- Сактоодогу  жоготууларды  азайтуу (модификацияланган сортторду  сактоо жана ташууну жакшыртуу)
- зыянкечтерге каршы чыгымдардын төмөндөшү (Калорадо коңузуна туруктуу картошканын түрлөрү)
Көрүнүп тургандай, артыкчылыктары талашсыз жана бир тараптуу. Чындыгында, модификацияланган организмдерди колдонуу адамзатты ачарчылыктан куткаруунун чыныгы мүмкүнчүлүгү.
ГМОнун терс жактары. 

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк илимий коомчулук ГМОну кооптуу деп тамак-аш жегендин гипотетикалык төмөнкүдөй кесепеттерин келтиришет:
- Аллергиялык реакциялар,  ГМО продуктысынын  өзүнө, же баштапкы затка карата.
- Генетикалык жактан модификацияланган тамак-аш азыктарын керектөө рактын өнүгүшүнө, жаңы вирустардын чыгышына түрткү болушу мүмкүн.
-Кээ бир өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болуп кетүү ыктымалдыгы дагы бар.Россияда мыйзам чыгаруучу жана жөнгө салуучу органдар, негизинен, коомдук пикирдин кысымы астында, ГМОнун айыл чарбасында колдонулушун кескин чектеп, көзөмөлдөп турушат.
ГМО өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салуу Францияда, Венгрияда, Швецияда, көпчүлүк башка өлкөлөрдө  ГМО элементтеринин бар экендиги жөнүндө өнүмдөрдү маркалоого милдеттүү. Продукциялардагы модификацияланган гендердин курамына жол берилген ченемдер: АКШда - 10%, Японияда - 5%, Европа Биримдигинде - 0,9% дан ашпайт.
Көбүнчө ГМО потенциалдуу аллерген же канцероген катары көрсөтүлөт. Мындай керектөөчүлүк  жагдай  азык-түлүк рыногунда маркетинг бөлүмүнүн жаңы элементинин - ГМОсуз маркировкасынын пайда болушуна алып келди.

Россия, 2016-жылдан бери генетикалык программасынын алкагында  генетикалык инженерия методдору менен колдонуп, өзгөртүлгөн  генетикалык инженердик материалдарды камтыган өсүмдүктөрдүн уруктарын себүүгө, (отургузууга ) колдонууга тыюу салды, аны киргизүүдө табигый натыйжа болушу мүмкүн эмес.

Которгон: Калил Надирабегим.