Камсыздандыруунун  күңгөй-тескейи 

  Камсыздандыруунун  күңгөй-тескейи 

Улуу державанын маалында  турак жайды, мал-мүлктү камсыздандырган    эл оозунда “Госстрах” деп аталган  мекеме  Союз ыдырагандан  кийин түп орду менен жоюлуп кетип,  унутта калган эле. Соңку жылдары  мамлекет тарабынан ар кандай жаратылыш жана өрт кырсыктарынан үй-жайсыз жана авариялык абалда калгандарга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлү менен кайтарымсыз 50 миң  сом, кайра төгүп берилүүчү  200 миң сомдон  насыя берилип, кардарлар кезек күтүүгө аргасыз болуп келишет.

           Дүйнө жүзүндө турак жайды камсыздандыруу жолу гана мындай кыйынчылыктан чыгуунун ишенимдүү жолу экендиги өлкөдө ушул кадамга барууну шарттады.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 токтому менен  кабыл алынган “Турак жайларды өрттөн жана табигий кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык  Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлүп, облустарда, райондордо  филиалдары ачылган. Мыйзамга ылайык  турак жайын камсыздандырууга шаарда жашагандар жылына 1200 сомдон, айыл тургундары 600 сомдон  төлөшөт.  Тарифге ылайык зыянга учураган турак жайдын  сегиз элементи каралып,  500  миң сомго чейин, эгерде үйдүн  чатыры күйүп, шамал алып кетсе анда бул сумманын 10 пайызы берилет. Камсыздандыруудан түшкөн каражат  мамлекетке, бюджетке чегерилбейт, атайын эсепке топтолот.  

                        Эл арасында камсыздандыруунун күңгөй-тескейи тууралуу  ар кандай пикирлер айтылып келет. Бул тууралуу окурмандарыбыздын пикирин уктук.

                                   Жолдошбек Сыдыков. 

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу. 

                           Мыйзам кайра каралышы керек.

           өнүккөн өлкөлөрдө  турак-жайларды, автоунааларды камсыздандыруу  жарандардын кызыкчылыгын көздөгөндүктөн алар  үй сатып алаары менен дароо камсыздандырышат. Эгерде үй-жайы   кырсыкка учураса   кайра калыбына келтиргендей жардам берилет. Кыргызстанда өз ишин жүргүзүп жаткан Камсыздандыруу мамлекеттик уюмунун иши талапка жооп бербейт. Бул боюнча кабыл алынган мыйзам терең анализденбей үстүртөдөн  жазылган. Жарандардын кызыкчылыгы корголбойт. Эксперттер тарабынан  төлөп берүүнүн наркы критерийлерлерге жараша  толук кандуу изилденген эмес.

          Менин жеке пикиримде камсыздандыруунун  концепциясы жазылып, элдик талкууга коюлушу керек. Камсыздандыруудан  келип түшкөн акча мамлекеттик банкка түшүп, жылына канча каражат түшкөндүгү жана зыянга учургандарга кандай жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу ачык-айкын маалыматтар берилип турулушу кажет. Элдин жашоосуна жеңилдиктерди берүү жагын көздөгөн көптөгөн мыйзамдардын бар. Айталык, турак-жай алууга мөөнөтү 10-15 жылдык ипотекалык кредиттерди алууда  кардар  бир миллион сомдук квартира алса бул мезгилдин аралыгында үстүнө пайызын кошкондо  кайра бир миллион сом төлөп калгандан улам бюджеттик мекемелерде иштеген жаштар үйлүү боло албай жатышат. Камсыздандыруу элдин кызыкчылыгында иштесе жакшы, бирок учурдагы абалы талапка жооп бербейт. Мыйзам белгилүү экономисттердин, эксперттердин  катышуусу менен кайра каралып, так жана ачык жазылышы керек.  

     Мукаш Чомураев.  Нарын районундагы Мин-Булак айлынын тургуну        

                                 Куржалак калгандан көрө...

        Союз учурунда камсыздандырып койгон бодо малың өлүп калса акча төлөнүп  берилчү. Көп жылдан бери аты-жыты билинбей калган бул мекеменин иштей баштаганы жакшы болду. Арабызда  ар кандай кырсыктардан улам  үй-жайы өрттөнүп кетип, кийген кийими менен гана калып, карайлап  олтуруп калгандар  да көбөйүп баратат. Пенденин башына келбесин,  андай кыйын күндө аттиң, минтип үй-жайсыз калгандан көрө  азыноолак акчаны аябай убагында камсыздандырып койсом кур дегенде  500 миң сомго баш калкалаар бир бөлмөлүү   үй тургузуп албайт белем деп бармагын жара тиштегендерди да көрүп жүрөбүз. Мындан улам  үйүбүздү камсыздандырып, 600 сомду аябай жылыга убагында төлөп турганыбыз туура.

                            Калил Рахманов.Нарын шаарынын тургуну;

                         Камсыздандыруу-жабыркагандарга жардамдашуу

            Кийинки жылдары жаратылыш кырсыктары көбөйүп, айрым   үй ээлери кышкысын мештердин  өрт коопсуздугун сактоо боюнча эрежелерди так аткарышпагандыктан  үй-жайы өрттөнүп  кетип, оор  чыгымга учурап калып жатышат. Мамлекеттин капчыгы жука болгондуктан  турак үйлөрдү камсыздандыруу  боюнча  атайын мамлекеттик уюмдун  түзүлгөнү бул мезгилдин талабы. Кырсыктан кудай сактасын деп  үйүн камсыздандырбай  коюшуп,  кийин өкүттө калгандар да бар. Доллардын кымбатташы менен  үйлөр да кымбаттап кетти. Менимче камсыздандыруунун наркын көтөрүп койсо да болот.  Анткени анын суммасы жогорулатылса ошончолук көп каражат топтолуп, жабыркагандарга төлөп берилүүчү төлөм наркы да жогору болот.  

           Камсыздандыруу тууралуу сөз болгондо айрымдары өз үйүн камсыздандырган каражатын кимдир бирөөлөрдүн  өрттөнүп кеткен үйүнө  жардам катары берилишин туура эмес көрүшөт. Кыйынчылык  башка түшкөндө бири-бирибизге жардамдашуу чоң соопчулук эмеспи.

       Темиркул Тилемишов.Кочкор районунун тургуну

                  Төлөм наркы мөөнөтүнөн кечиктирилбесе...

                  Эл арасында үйү күйүп кеткендерге төлөнүп берилүүчү каражаттын аздыгына нааразы болгондор бар. Укканга караганда кимдир бирөөнүн үйү   гаражы, склады,  короо-жайы менен күйүп  кетсе анда  үйгө гана каражат берилээри тууралуу айтып,  нааразы болгондорду  угуп  жүрөм.  Эгерде бул айтылган чын  болсо анда туура эмес. Менимче камсыздандыруунун наркы анчалык деле  чоң сумма эмес. Убагында төлөп турганыбыз туура. Арабызда үй-жайын камсыздандырууну билбегендер да бар экен. Андыктан аталган мекеменин кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин талаптагыдай жүргүзүүлөрү керек. 

        Камсыздандыруунун күңгөй-тескейи тууралуу өз пикирин айтышкан айрым окурмандарыбыз Камсыздандыруу мамлекеттик уюмунда жемкорлуктун болушу мүмкүндүгүн, кызматкерлер кабинетке келген  кардардын үйүн камсыздандырып коюп, жылуу кабинетинде гана  олтуруп, чоң айлык алышабы деген  күдүк ойдо болушаарын  да жашырышпады. Камсыздандырылган үйү  күйүп кетип, чоң чыгымга учурагандарга берилүүчү каражаттын аздыгына нааразы болуп,  мыйзамга кайра өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын да айтышты.

         Камсыздандыруунун мамлекеттик уюмунун Нарын облустук филиалынын деректири Арстанбек Дүйшеев:

                Мекемеде жемкорлукка жол берилбейт  

        Окурмандардын   камсыздандырууда  коррупциянын болушу мүмкүн деген шектенүүлөрүнө кошулбаймын. Бизде  баардыгы мыйзам чегинде аткарылат. Ар ким өз үйүн өз эрки менен камсыздандырат. Бул социалдык долбоор  болгондуктан  мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөйт. Ыктыярдуу камсыздандыруунун кызматы боюнча заманбап салынган үйү, сарай, гараж, дүкөндөрү милдеттүү түрдө орто эсеп менен 10 миллион сомго камсыздандырылса жылына 4 миң сомдон төлөп турушат. Эскилиги жеткен, авариялык абалдагы  жана  эки адамдын талашына түшкөн турак жайлар камсыздандырылбайт. Кызматкерлер эл арасында, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарында болуп, кандай документтер керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.  Мурда  үйдүн өздүгүн аныктаган  техпаспорту талап кылынчу. Тилекке каршы  элдин (айрыкча айылда жашагандардын  80 пайызынын ) үйүнүн  тийиштүү документтери, ал тургай  качандыр бир кезде  чоң атасы салган үйлөрдүн  кимге тиешелүүлүгүн аныктаган токтомдун да   жоктугу кыйла тоскоолук жаратууда.  Адистердин айтымында үйдүн толук документтерин даярдоого орто эсеп менен 30 миңдей сом сарпталат. Мындай каражатты табуу  үй ээлерине кыйла кыйынчылыкты жараткандыктан “Кадастр”  мамлекеттик мекемесинин Нарындагы филиалынын  (мурдагы Госрегистрден) жана айыл өкмөтүнөн бериле турган  идентификациялык коду менен камсыздандыруу ишке ашырылып жатат. Кардарлар райондун борборуна келип, убара болбош үчүн айыл өкмөттөрдүн бирден кызматкери агенттикке алынган. Аларга айлык төлөнбөйт,  бир үйдү камсыздандырса 15 пайызын  алат.

                   Төлөө мөөнөттөрү өтүп кеткендиктен...

          Маектешүү маалында өткөн жылдын   жай айларында   Ат-Башы районунда     катуу шамалдан  ал эми Нарын шаарында селден жабыркаган  турак жайлардын ээлери  жардам албай калгандыгы тууралуу нааразычылыктарын айтышканын   уктук эле. Мунун   себебин айтсаңыз?деген сурообузга Арстанбек Дүйшеев  мындайча жооп кайтарды:

 -Ооба, ошондой болгон. Ат-Башыда катуу шамалдан чыгымга учураган  жүздөй үйдүн сегизине,  ал эми Нарын шаарындагы  селден жабыркаган  жүздөн ашык үйдүн  төртөөнө гана жардамдар берилди. Комиссиянын мүчөлөрү жеринде барып, текшергенде калгандары таптакыр камсыздандырылбагандыгы жана айрымдарынын төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги  аныкталды. Элибиз үйүн камсыздандырып жатканда эки тараптуу   келишимде айы, күнү жазылганына көңүл бурбай келе жатышат. Талап боюнча үй ээлери турак жайы зыянга учураганда  беш күндөн  кечиктирбестен  дароо кабарлоолору зарыл. Биз  иштин жагдайын   көрүп,   сүрөткө тартып, акт жазып, тарифтердин негизинде  берилүүчү  жардамдын  суммасын аныктап  алабыз.       

              Өткөн жылы облус боюнча  үйлөрү өрткө, табият кырсыктарына  учураган  20 адамга  1 миллион 398 795 сом берилди. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен  53 миңге жакын турак жай  камсыздандырылган.  Статикалык башкармалыктардын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  Нарындагы филиалынын жана айыл өкмөттөрүнүн берген маалыматы бири-бирине дал келбей калат. Себеби  үй ээси бир жыл төгүп,  келеркиде убагында узартпай коёт. Мындан улам   камсыздандыруу мөөнөтү бүтө электер жети  миңдей, ал эми   келишимди убагында аткаргандар  андан азыраак. өткөн жылы пандемиянын  кесепетинен улам   3 миңдей  турак жайлар гана камсыздандырылды.  Азыркы тапта электрондук системага өтүү ыкмасы  киргизиле баштады. Кардарлар  төлөмдөрүн идентификациялык карточкага гана   которушат.

           Урматтуу окурман, макаланын соңуна чекит коюп жатып, камсыздандыруунун күйгөй-тескейи тууралуу эл арасында айтылган эки ача  пикирлер жана аталган мекеменин жетекчисинин бул багытта аткарылган  иштери тууралуу  айтып өттүк.  Албетте   үйүңүздү камсыздандыруу же камсыздандырбай коюу өз эркиңиз.  Антсе да   капилеттен болгон   ар кандай          кырсыктардын болооор  болбосуна эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан  турак-жайыңызды  камсыздандырууда келишимдин мөөнөтүн өткөрүп жибербей бир күн да кечиктирбей, олуттуу мамиле жасооңуз абзел. Кайдыгерликтин,  чыгынбастыктын  арты оор чыгымга  алып келээрин эсиңизден чыгарбаңыз.

         Мамлекет тарабынан калктын көңүл чордонунда турган  турак жайды камсыздандыруудагы жогоруда айтылган эл пикирлери эске алынып, эртедир-кечтир элдин кызыкчылыгын көздөгөн  мамлекеттик уюмга айланат деген ишенимдебиз.    

                         Бурулсун Дыйканбаева. Журналист.Нарын шаары