Кылмыш: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кылмыш:  Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында, Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны Ч.Н. аныкталып, кармалды.

Аталган жаран 1992-жылы туулган Ч.Н. Талас облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан олуттуу өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн 2019-жылдан бери  издөөдө жүргөн.

2015-жылдын ноябрында ал Бишкекте , өзүнүн Meрседес-Бенц-Сптинтер автоунаасын Maзда   жана Субари  Форестер унааларына алмаштырган. Ошол эле учурда,  Мерседес жеңил унаасын жаңы ээсине каттатып берүүнү  убада кылган, бирок кийин ал дайынсыз болуп  кеткен.Көп өтпөй, Мерседес-Бенц Спринтер анын жакын тууганына  таандык экендиги белгилүү болгон, андан тышкары ал Мазда жана Субари  автоунааларын микрокредиттик уюмга күрөөгө койгон.Ал  Ч.Н.алдамчылык аракеттеринин натыйжасында жабырлануучуга 607,900 сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.
Андан кийин Ч.Н. Россияга  качып кетип,чет өлкөдө жашынып.
издөөдө жүргөн.Учурда  ал  жаран кармалып, Москвадагы тергөө изоляторуна  киргизилди.Экстрадициялоо маселеси Минск конвенциясына ылайык чечилмекчи,деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.