Кыргызстан; 1-август.Куш тилиндей кабарлар

Кыргызстан; 1-август.Куш тилиндей кабарлар

ЫСЫК-КӨЛ; Катуу жааган жамгырдын улам  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда   сел жүрдү. Селдин  кесепетинен  Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолундагы Жети-Өгүз суусуна орнотулган көпүрөнү агызып кетүү коркунучу пайда болгон.Буга чейин Кыргыз гидрометерологиялык  борбору сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш эскертүү тараткан.Учурда ӨКМдин басма сөз кызматынын билдиришинче , жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы жана Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу иштөөдө.

ЧҮЙ; Чүй облусунун Панфилов районундагы үй-бүлөлүк   борборуна 5 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу аталган  борбордун директору Жалил Абдыкалыков билдирди. Анын билдиришинче , учурда 58 кычкылтек концентратор иштеп жатат. Анын ичинен 50  концентратор  демөөрчүлөрдүн жардамы.

ТАЛАС; Бүгүн, Төө-Ашууда жол кырсыгыи катталды. Бул тууралуу Турмуш  басылмасынын  кабарчысы билдирди.Көргөн билгендердин айтымында  жабырлануучу — Белоруссиянын жараны болгон. Анын унаасы күйүп баштаган. Аны унаанын  терезесин талкалап кыргыз жигиттер алып чыгышкан. Айдоочуну алып чыккандан кийин  алар айдоочунун документтери жана акчалары салынган барсеткасын да алып чыкканга үлгүрүшкөн.Жабырлануучу Талас районунун Чат-Базар айылындагы ооруканага жеткирилген.

НАРЫН;Кечээ, Нарын шаарында Курман айтка карата Нарын казыяты тарабынан 19 бодо мал союлуп эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө, медицина кызматкерлерине таркатылып берилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматы билдирди.Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондоруна дагы  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана  демөөрчүлөр тарабынан акчалай каражаттар бөлүнүп берилди. Ал акчага бодо мал сатылып алынып,союлуп  эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылды.

ЖАЛАЛ АБАД;Сузак районунун Сузак айылында сарай жана малдын тоюту өрттөндү. Бул тууралуу  ӨКМдин  басма сөз кызматы билдирди. Өрт айылдын А.Юнусов көчөсүндө болгон. Натыйжада  аянты 72 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры толук жана  150 таңгак чөп, 2 тонна кык күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби изилденүүдө.

ОШ;Кара-Кулжада катуу  жааган жаандан 16 үйдүн короосун суу каптады.Алар; Кызыл Жар,Күйөө Таш, Көө-Чаты айылдарындагы үйлөр. Бул үйлөрду каптаган сел, катуу жааган жамгырдан улам кокту колоттон келгене суулар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. Келтирилген зыяндарды тактап иликтөө үчүн Кара  Кара-Кулжа райондук ӨКБнөн ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.Буга чейин Кыргызгидромет сел жүрүү коркунучу тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.

БАТКЕН;Долбоорду ишке ашыруу үчүн Лейлектик  ишкер  Назиржан Сабиржанов 500 миң сом короткон. Чакан тоок фермада 2000 жөжө багылат. Росс-308 породадагы тоокторду ал  Тажикстандан алып келген.  Учурдагы  ай сайын кирген киреше 100 миң сомго  чамалайт.  Тооктун 1 кг эти 180 сомдон 200 сомго чейин сатылат. Тоокторго атайын текшерүүдөн өткөн жем берет.