Кыргызстан; Куш тилиндей кабарлар.

Кыргызстан; Куш тилиндей кабарлар.

Жалал Абад облсунун  Кара-Дарыя айыл аймагынын Тешик-Таш участогунда күрүч талааларында айыл чарба иштери баштала элек.Анын себеби туурасында жергиликтүү тургун Мурат Жусупов мындай дейт. Ак-Мечиттин алыскы айылдарынын бири Өзбекстан менен чектешет. Тешик-Таш участогундагы жээктерге  жергиликтүү фермерлер күрүч өстүрүшчү. СССР кулагандан кийин, кыргыздар бул жерлерде көп жылдык чөптөрдү өстүрүшкөн жана 1994-жылдан бери алар дан өсүмдүктөрүн өстүрүп келишкен.Азыр болсо бул жерде күрүч өстүрүшөт дейт.

Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында,жер участоктору 1994-жылы айыл өкмөттөрүндө иштеген Жолчу Жунусалиевдин тушунда жергиликтүү тургундардын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Тургундар эч ким жерди тартып алуу менен алектенишкен эмес дешет. Баардыгы 1961-жылдагы Кыргыз Республикасынын картасына ылайык бөлүштүрүлгөн. Бул 100 гектар жер. Быйыл жердин көпчүлүгү айдалгандыгын билдиришет.

 Кара-Дарыя айылдык кеңешинин башчысы Аширбек Матиевдин айтымында, айылдыктар жерди мыйзамсыз пайдаланган. «Өзбек тарап бул жерлерди колдонбогондуктан, биздики пайдаланып, түшүм ала  баштады. Муну жергиликтүү тургундар жакшы билишет. Бул жерлер айылдыктар менен талкууланган. Талкууга жергиликтүү тургундар катышкан”, - деди ал.Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, 2017-жылы ушул жерлер боюнча талкуулар болуп, алар бардыгын көрсөтүшкөн жана карталарда өкмөттөрүнүн балансында эмес. Адистер Бишкек жана Өзбекстандан келишип, жеринде тактоо иштери жүргүзүлгөн. Эгин өстүрүлгөн 25 гектар жердин 8 гектары бизге калды, калгандары аларды пайдаланууга беришти, жердин коңшу мамлекетке таандык экендиги аныкталган. “2001-жылы бул бөлүк такталган, 2017-жылы чек ара делимитацияланган,- дейт  ал.

 

 Кыргыз Республикасына COVID-19 терс таасирин азайтуу максатында ЮНИСЕФтин жана Азия Өнүктүрүү Банкынын медициналык жабдуулар түрүндөгү жардамынын үчүнчү партиясы  келди. ⠀
ЮНИСЕФ жана АӨБ Бишкектеги ири ооруканаларга медициналык жабдууларды жеткиришет. Бул партияга механикалык желдетүү үчүн колдонулган реанимация жабдуулары, анын ичинде 300 эндотрахеал түтүктөрү, 3000 педиатрдык канулалар жана 1500дөн ашуун дем алуу  аппараттары бар .
 Ушул жумада жабдыктар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Бишкек шаарындагы Чүй облустук биргелешкен ооруканасына, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас ооруканаларына таратылмакчы.Мындан тышкары, ушул жумада 11,300 жуп гинекологиялык стерильдүү кол кап Бишкектеги алты клиникалык төрөт үйлөрүнө жеткирилмекчи.

 

Жалал Абад облусунун тургуну Бурул Бекташова  бир жарым жылдан бери  ооруканада күн кечирип келет. Аны балдары жана кызы үйлөрүнө батырбай койгон. ЖалалАбад шаардык соту  энесин бакпаган балдардан  8 миң сом өлчөмүндө алимент кесип берди. Учурда эне бошотулган үйүндө күн кечирүүдө.

 

Бүгүн эртең мененки саат 9-10 чамасында Ак-Буура дарыясынан чет элдик студенттин жансыз денесин табылды. Студент түндө үчтөр чамасында  сууга агып кеткен. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиришинче  ыкчам издөө менен студенттин сөөгү табылган. Экспертиза дайындалып, иштер улантылууда. Күбөлөрдүн айтымында ал мас абалында болгон. Студент Индиядан келген. Ал Оштогу медициналык окуу жайында 3-курста билим алып жаткан.

 

 

 ⠀