Абактагылардын ооруганы жашырылып жатабы..?

Абактагылардын ооруганы  жашырылып жатабы..?

Бүгүн "Кой-Таш окуясы" боюнча биринчи май райондук  сот отурумунда, Канат Сагымбаевде  таажы илдети бар экендигин  отурумуга  катышуучулардын бири Кундуз Жолдубаева  билдирди. Анда  COVID-19 белгилери бар, 3 күн мурда андан оорунун белгилери байкалган бул боюнча  ал СИЗО-1нин жетекчилигине кат жазган, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок" деди ал.

Буга байланыштуу, процесстин башка катышуучуларын да тез арада  камактагыларды да коронавируска карата  текшерип чыгуу керек, -деп кошумчалады.

Эгерде факты тастыкталса, анда ГСИН жетекчилиги ооруну жашырганы үчүн жоопко тартылышы керек.Буга чейин №1 тергөө изоляторунун кызматкеринен COVID-19 аныкталгандыгы кабарланган. Ал ооруну кимден жана кантип жуктургандыгын аныктоо азырынча мүмкүн эмес. Байланыштардын саны 13 адамды түзгөн.

Эске салсак, Өткөн жылдын 8-август күнү УКМКнын атайын күчтөрү Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармашкан. Кол салуу учурунда  - ​​Альфа кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болгон.  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу”, “Адамдарды барымтага алуу”, “Массалык башаламандыктар”, “Бейбаштык” жана “Мамлекеттик бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Бул процесске катышкан депутаттар  Ирина Карамушикна, Асель Кодуранова, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кеңешчиси Кундуз Жолдубаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана башкалар бар.