Ковид-19 илдетин тилдеги белгилер аркылуу билсе болобу?

Ковид-19 илдетин  тилдеги  белгилер  аркылуу билсе болобу?

Ар кандай өлкөлөрдө кеңири масштабдуу эмдөөлөргө карабастан, дүйнөдө COVID-19 оорусу күчөөдө - Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө тастыкталган оорулардын саны 100 миллиондон ашты. Бирок планетада пандемия күчөп турганда, изилдөөчүлөр бул вирус өлтүргүчтүн портретин түзүүнү улантышууда. Ошентип, жакында илимпоздор инфекцияны жуктуруп алган айрым бейтаптар ооруканадан чыккандан кийин алты айдан кийин (же андан көп) айрым жагымсыз белгилерге кабылышарын аныкташты. Белгилердин толук тизмеси дагы эле өсүп жатканы коркунучтуу.

Жакында Мадриддеги Ла Пас университетинин ооруканасынын изилдөөчүлөрү текшерилген бейтаптардын 25% ооз көңдөйүнүн былжыр челиндеги өзгөрүүлөрдү аныкташты. Жаңы изилдөөнүн авторлору буга чейин COVID-19 менен байланыштырылган тилдеги айрым өзгөрүүлөр жөнүндө билдиришти.  Тиштин издери көрүнүп турган шишиген тил, ошондой эле "кызгылт тактар" коронавирустук инфекциянын белгилеринин бири болуп эсептелээрин аныкташты.

COVID-19 ооруган бейтаптын  белгилери

Изилдөөлөрдө, адистер ысытма, чарчоо, дем алуу жана кургак жөтөлдү жаңы коронавирустук инфекциянын белгилери менен байланыштырышат. Башка белгилердин катарына ангина, конъюнктивит, ич өткөк, жыттын жана даамдын жоголушу, теридеги бүдүрлөр жада калса колдогу жана буттагы тырмактардын депигментациясы кирет. Ошентип, 2020-жылы май айында Ломбардиядагы (Италия) Лекко ооруканасында жугуштуу оору менен ооруган 88 бейтапты изилдегенде  алардын 20% териси өзгөргөнүн аныкташкан.

Ковид вирусун жуктуруп алган бейтаптарды аныктоодо көйгөйлөр уланып жаткандыктан, дарыгерлер жаңы белгилердин пайда болушун тыкыр көзөмөлдөп жатышат. Натыйжада  "ковид манжалары" деп аталган инсульт жана тромбоз менен ооруган жаштардын саны көбөйгөн. Жалпысынан алганда, учурда коронавирус дем алуу жолдорунун тышындагы клеткаларга жугуп, ар кандай белгилерди пайда кылууга жөндөмдүү экендиги белгилүү болду, бул ичеги-карын ооруларынан (ич өткөк жана жүрөк айлануу) жүрөктүн жабыркашына жана кандын уюшунун бузулушуна чейин алып келүүдө.

COVID-19  мээге зыян келтирүүчү белгилерди да алып келерин да аныкташты. Ырасталган бейтаптар New England Journal of Medicine журналына жарыяланган бир изилдөөгө ылайык, когнитивдик бузулуудан башаламандыкка чейинки бир катар неврологиялык белгилерди көрсөтүштү. Окумуштуулар мындай белгилерди "энцефалопатия" - мээге зыян келтирүүчү термин деп аташат.

Ковид менен ооруган бейтантын тилинин өзгөрүшү.

Испаниялык Эл Пейстин маалыматы боюнча, Ла-Пас университетинин ооруканасынын окумуштуулары 2020-жылдын 10-апрелинен 25-апрелине чейин Ифема талаа госпиталына түшкөн COVID-19 диагнозу коюлган 666 бейтапты изилдешти. Бейтаптардын орточо жашы болжол менен 56 жашты түзгөн жана алардын дээрлик жарымы испан тектүү адамдар болгон. Анализ көрсөткөндөй, алардын 25% дан ашыгында ооз көңдөйүнүн былжыр челинде төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болгон: убактылуу тилдик папиллит (тилдеги ооруган безетки) 11% ооз жаралары бейтаптардын 7%, тилдеги тиш издери  7 пайыз оорулууда  да байкалган; тилдин ысышы  (5%) жана  тилдин сезгениши 4% болгон.

Изилдөөнүн башкы автору, Ла-Пас университетинин ооруканасынын дерматологу Алмудена Нугно Гонсалес белгилердин көпчүлүгү башка факторлор менен түшүндүрүлгөнүн айткан мисалы, дары-дармектин  реакциясы  оозду кургатуусу жана тилди дүүлүктүрүүсү  мүмкүн . Бирок, "депапиляцияланган тил 100% ковидге байланыштуу" дейт ал. Жаңы изилдөөнүн авторлорунун айтымында, ковид менен ооруган бейтаптын  тили   башка оорулар  менен эч качан  чаташтырылбайт.
Эң кызыгы, дерматологдор изилдөөдөгү пациенттердин дээрлик 40 %ында алакан жана тамандын терисиндеги өзгөрүүлөрдү табышкан. Бейтаптардын көпчүлүгүндө пиллинг (25%), кызыл же күрөң тактар ​​(15%) жана күйүк  сыяктуу тактар (7%) болгон. Жалпысынан, Ифема ооруканасында текшерилген бейтаптардын дээрлик жарымында теринин же ооздун былжыр челинин  ооруган белгилери болгон.

Жаңы изилдөө илимпоздор үчүн чоң  ачылыш  деп айтууга болбойт. Мисалы, 2020-жылы май айында Мадриддин Европа Университетинин тиш доктуру Кармен Мартин Каррерас коронавирус  деп шектелген ооз көңдөйүнүн же ыйлаакчанын үч учуру боюнча маалыматтарды жарыялаган, ал эми июль айында ошол эле университеттин тиш доктуру Милагрос Диас Родригес дагы үч учурду сүрөттөгөн ооздун былжыр челинин өзгөрүшүн байкашкан.

Өз кезегинде, Лондондун Кинг Колледжинин британиялык эпидемиологу Тим Спектор дагы COVID-19 пациенттеринин симптомдорун сүрөттөгөн тиркемени колдонуп, тилдеги жаракат жөнүндө ондогон билдирүүлөрдү алгандыгын айтты. Дагы деле болсо, илимпоздор мындай симптомдор качан пайда болорун толук  ача элек,  азырынча айтуу кыйын.

Куннура Рахманова.