КРнын мамлекеттик  Гербинин автору, Асейин Абдраев: “Өмүр чиркин аккан суудай экен” 

КРнын мамлекеттик  Гербинин автору, Асейин Абдраев:  “Өмүр чиркин аккан суудай экен” 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  Герби 1994-жылдын 14-январь күнү Жогорку Кеңеште кабыл алынган эле. Мына ушул Гербдин авторлорунун бири Асейин Абдраевдин  70 жылдыгында журналист Бурулсун Дыйканбаева  кең кесири маек куруп, автордун жүрөк түпкүрүнөн орун алган ой сезимдерин дегеле, турмушундагы оош кыйыштар туурасында угуп, кайткан. Аттиң, жашоодо түбөлүктүү адам болбос.Мына ушул маектен кийин  КРнын Гербинин автору  Асейин Абдраев узакка созулган оорунун кесепетинен 2018-жылдын жай айларында жарык дүйнө менен кош айтышып чын дүйнөгө көчкөн эле.Андан бери эки жарым жылга чамалады.   КРнын Гербинин кабыл алынганына туптуура 27-жылдын жүзү болуптур. "Маркумдар баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт"демекчи,бүгүн биз, мына ушул Гербдин авторлорунун бири Асейин Абдраевдин  архибибизде калган маегин  окурмандарыбызга сунуштамакчыбыз.

        Асейин Абдраев 1948-жылдын 27-мартында Нарын районундагы  Кара-Чий айлында  туулган. Айлындагы мектептен, Нарын шаарындагы  мектеп-интернаттан окуп, 1965-жылы Фрунзедеги №12-орто мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. 1968-жылы  Октябрь Революциясынан 50 жылдыгына карата өткөрүлгөн кароо-сынакта  биринчи орунду жеңип алып, Польшага жолдомо алып,  атайы курстан окуп келген.  Алгачкы эмгек жолун  1969-жылы Нарын музыкалык драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштап,  кийин башкы сүрөтчү болуп иштеген. 1972-1976-жылдары  Москвадагы белгилүү сүрөтчү Вадим Рыдин сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдөн театр искусствосу  боюнча сабак алган. 1980-жылы Алма-Атадагы Абай атындагы университеттин сүрөтчүлөр факультетин аяктаган. 1983-1988-жылдары Нарын шарындагы В. Чкалов атындагы орто мектепте, Балдар музыкалык мектебинде  сүрөт сабагынын мугалими болуп эмгектенген.  1993-жылы  Балдар искусство мектебинин деректирлигине дайындалып, 2005-жылы  ардактуу эс алууга чыккан.

      -Тагдыр бешенесине буюрган сүрөтчүлүк таланты  менен Гербдин автору катары атпай кыргыз журтуна таанылган Асейин Абдраев быйыл  70 жаштын туз даамын татып олтурат. Ачык-айрым жайдары мүнөзү, кандан-бектен кайра тартпаган өткүрлүгү, өжөрлүгү,  сөздү чукугандай таап  сүйлөгөн  тамашөкөйлүгү менен таанылган  сүрөтчү  эки жылдан бери сыркоолоп жатат.  Теңиртоолук  көптөгөн өнөрлүүлөрдүн көч башында турган элибиздин сыймыктуу инсаны менен маараке алдында  маектешип  кайттык.

        -Асейин Абдраевич, кеңсебизге тез-тез келип, ал-жайыбызды  сурап ар кайсыны айтып күлдүрүп кетип турган редакциянын жалпы жамааты 70 жылдык торколуу тоюңузга жылуу куттугубузду жолдойбуз. “Ооруну батмандап  берип, мыскалдап чыгарат” дегендей   эртерээк сакайып кетип,  узак жашап, эл-журтуңуз  менен эсен болуңуз.

   Арийне,  бу кумары артык  жарык дүйнөдө ар бирибиздин өмүр жолубуз өз алдынча баа жеткис жана кайталангыс эмеспи. Тээ артта калган  оюндан, күлкүдөн бөлөктү билбеген балалыгыңыздын, жалындаган   күлгүн курак гүл курагыңыздын кандай өткөнүнө кызыгып турам. 

     -Ракмат, ракмат, айтканыңар  келсин.  Мен да силерди, баарыңарды сагындым. өзүң айткандай мобу кудай аткыр дарттан кутулуп, куттуу Нарынымдын көчөсүндө мурдагыдай шартылдап басып, тамашалап,  араңарда аман  жүрсөм деп тилеп коюп жатам. Тагдыр таржымалым тууралуу айтсам атам  +мүрбаев Абдрай кезегинде  Кумбелде шахтёр болуп, кийин колхоздун кара жумушунда  иштеген. Ыраматылык апам  Иса кызы Фарида  мен алты айлык кезимде каза болуптур. +зүмдөн улуу эжем эки жашында чарчап калыптыр, бир атадан жалгызмын. Эми  балалыгымды айтсам  өзүм курдуулардай эле  өсүп чоңойдум. Атам  апамдан кийин беш аял алыптыр,  кыял-жоруктары ар бөлөк өгөй апаларымдын далай жемелерин, ачуу тилдерин  уктум дегендей...

      Сүрөтчүлүккө кичинемден эле кызыктым, ар кайсынын сүрөтүн чиймелеп эле тартып олтурчумун.  Фрунзеде  мектепте окуп жүргөнүмдө  бизге сүрөттүн кудайындай сезилген Гапар Айтиевдин  сүрөттөрүнө суктанып, мен да ушундай кыйын сүрөтчү болсом деп кыялданчумун.  Тилегиме жеттим, ушул өнөрүмдүн арты менен Гербдин автору болдум, кудайга ыраазымын.

     Жаштыгымды кандай өткөргөнүмө  кызыгып атпайсыңбы. Атаңгөрү ай,  бу жаштык дегениң  кудум Нарын дайрасындай албуут,  жаздагы жайнап чыккан кызгалдактай  бир керемет нерсе тура. Кайрылып келбес ал кезимди эстегенде ээ кайсынысын сурайсың, башкалардан  ашыкча артыгыраак өткөрдүм бейм.  Алымдын жетишинче  ойноп-күлдүм, далай кыздарды сүйдүм, сүйдүрдүм, өңдүү-түстүү, акыл-эстүү аялдарымдан  да жолдуу  болдум дегендей... Жаштыктын кадырын жашың өйдөлөгөндө билип, жаңылыштыгыңа өкүнүп, бармагыңды тиштейт экенсиң. Ойлоп көрсөм атаганат бу чиркин өмүр дегениң  учкан кушка, аккан сууга окшогон нерсе  экен. Сага бир нерсени айтайынбы  ыя,  баягы келбеттүү жүзүмө  каршы-терши бырыштар түшүп, “мыш”деген түгөнгүргө аргасыздан баш ийгеним менен  артымды кылчайып карасам  жетимиш жаш эмес өзүмдү кудум  7-класстын баласындай  сезип, жүрөгүм “жашсың, жашсың”деп   согуп атпайбы. (Асейин ага бул айтканына маашырлана каткырып, күлдү.)  Аттиң, “жаштык мастык” дегендей көп нерседен жаңылат экенбиз, өмүрдүн, ден соолуктун  баркын  баалабайт  экенбиз, Ага-туугандарыбызды, курдаштарыбызды таарынтат экенбиз. Атак-даңкка,  көр дүйнөгө азгырылат экенбиз, кыскасы Айтматов айткандай күнүгө адам боло албайт экенбиз да...

        -Сүрөтчүлүк оңой өнөр эмес, баамдасак  ал бийик эргүүнүн, чыныгы чыгармачыл руханий жигердин, тунук сезимдердин булагындай  сезилет. Сиз ушул өнөрүңүздүн арты менен кезегинде аты атпай журтубузга таанылган  Нарын театрында      он жыл башкы сүрөтчү болуп  иштеп, чыгаан     артисттер менен коюн-колтук алышып, бирге жүрдүңүз.

       -Ооба,  ачкан эшигим, аттаган босогом болгон  театрга болгон урмат-сыйым өзгөчө, жанынан өтүп баратканда  жаштыгым, өткөн күндөрүм эске түшөт. Атаганат, “тулпар тушунда” дегендей  учурунда  тээ Союзга дейре аты  чыгып, дүңгүрөп турбадыбы. Театрыбыздын атын алыска тааныткан залкарлар  Сейитказы Андабеков, Койсун Карасартова, Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Сагыйпа Чечейбаева, Тамара Жумакаева  менен бирге иштешкениме сыймыктанам. Обондун пири  Жумакем менен ага-инидей болуп жүрдүм, акыл-насаатын уктум. Күлкүлүү кыял жоруктарыма,  көңүлүмө жакпаганда барк-тарк эткениме   кытылдап күлүп калчу жарыктык. Ал кезде театрга эл батпай келчү эле. Айылдарда  клубдан орун тийбей калгандары сыртта тикесинен тик туруп көрүшчү.  Кийин театрдын куту качты,  коллективге жакпаган   деректирлер  көйнөк алмаштыргандай эле   биринин артынан бири кетип атты. Эми   Темирлан Сманбаев келиптир,  таланттуу  артист, эки тизгин бир чылбырды колго алып, боосу бек болсо экен деп ойлоп коём.  

        Өмүр жолуңузга жарык нурун чачып, жылдызыңыз жанган    1994-жылдын  14-январында  Гербдин автору болгонуңуз  өзүңүз  гана эмес   эли-журтубузду       сыймыктанткан акжолтой күн катары эсибизде калды.    Теңиртоолуктардан бөлөктөр тааныбаган катардагы сүрөтчү кантип  аттуу-баштуу ал түгүл   Кыргыз Эл сүрөтчүлөрүн артка калтырып,  кыл чайнашкан катуу таймашта  марага озуп келгенине суктангандар  да таңгалгандар да көп болгон эле. Сөз учугун андан ары уласаңыз?

          -Ии, эми “Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” дегендей эле кеп болду да. 1992-жылдын июнь айынын башында республикалык гезиттердин биринен сегиз гербдин долбоорун көрүп калып, кызыгып: “булардан менин эмнем кем, мендей эле окууну бүтүшкөн, стажым отуз жылдан ашык,  анүстүнө Нарындан  эч ким катыша элек”- деп намыстанып,  ошол эле күнү  төрт гербдин эскисин жасадым. Конкурс эки жылга созулуп, ушул мезгилде мен комиссияга   жүздөй эскизимдин он тогуз вариантын жөнөттүм. Анан 1994-жылдын 14-январында Конституцияны, гимнди, тууну кабыл алышкан  айтылуу легендарлуу парламенттин  350 депутаты конкурска катышкан  2234 гербден 300 тандалып, финалга чыккан үчөөнүн ичинен  Садырбек Дубанаев  экөөбүздүн   “Нур”  деген аталыштагы гербибизге биринчи орунду беришти. Дүркүрөгөн  кол чабуулардан  улам зал жарылып кете жаздагандай болду. Адегенде уккан кулагыма ишенбей денем чымырап, дендароо боло түштүм.  Жүрөгүм  кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөп...айтор андагы кубанганымды сүрөттөп айтып бере албаймын.

        -Кечиресиз, сөзүңүзгө аралжы,  эки жыл бою  чыныгы чыгармачылык талантыңызды, карандай мээнетиңизди арнап, өз колуңуз менен жараткан  гербдин  башкалардан артыкчылыгы  эмнеде деп ойлойсуз?. Баса,  соңку жылдары   эл арасында өлкөнүн символикаларын  алмаштыруу боюнча да талаш-тартыштар айтылып келет.

        -Мен адеп колума карандаш кармаганда тынымсыз издендим, күнү-түнү ойлогонум эле ушул болуп калды. Дүйнөдөгү  182 гербдин тарыхына кайрылдым, кызык  айрым өлкөлөр бири корозду, бири крокодилди, ал эми мальталыктар болсо кайыкты калагы менен герб кылып алышыптыр.    Акыры ойлонуп олтуруп, эң оболу элибиздин улуттук каада-салтын, менталитетин нукура өзүндөй кылып таасын  чагылдырайын дедим. Элдик оозеки адабияттарды,  улуу Манас эпосун окудум да анан  Манас бабабыздын  касиеттүү айтылуу Ак шумкарын алдым.  Кылдат байкасаң ал  кыраан куш канатын жайып, башын оң жакка буруп, күндүн чыгышын күтүп, көкөлөп учууну самап турат. Канатын жайып турганы элибизге жакшылык тилеп турганы. Артында болсо  касиеттүү Ысык-Көлүбүз жатат мелтиреп. Тегерете сызылган  ак сызык   баалуу кен байлыктарыбыз, элибиз эртерээк тирденип, байгерчиликте жашасын дедим. Ары жагындагы Ала Тообуз болбосо көркүнө чыкмакпы. Эң артындагы  жаркырап чыккан күн. Алакандай кыргыз эли түндүк, түштүк деп бөлүнбөсүн деп  түндүктү ак буудай, түштүктү орнаменттештирилген  пахта менен символдоштурдум. Биздин герб мына ушундай жактары менен жеңип алды деп ойлоймун.

        Символикаларды,  айрыкча гербди  алмаштыруу  деген  көрө албастардын келжиреген, суу кечпеген   сөзү. Россияда  КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик атрибуттары  боюнча анализ жүргүзүлгөндө  биздин герб  мыкты деп табылган. 1996-жылы  Франциядагы бир коомдук уюм дүйнө жүзүндөгү гербдерди сынакка койгондо  Кыргызстандыкы медалга татыктуу болгон. Мындан  он эки жыл мурда  Голландияда  бүткүл өлкөдөгү гербдердин  антологиясына да кирген. Мындай  мыкты гербди эч ким эч жерден таба албайт. Бирок сүрөтчүлөр гербди өзүндөй кылбай бузуп тартып жүрүшкөнүнө капаланам.   “Сөз кезеги келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт” дейт. Авторлошум генераль Садырбек  Дубанаевге  болгон жек көрүүмдү, ичимде  кайнап келаткан ызамды, көңүлүмдү кирдеткен  таарынычымды   да айта кетейин. Адегенде  коюн-колтук алышып, жакшы жүрдүк. Мамлекеттин, элдин сыйын бирге көрдүк дегендей, анан  экижүздүүлүгүн карматып менин кадыр-баркыма шек келтирип, канатыма жабышып алып, такыр түшпөй койду, андан аркысын айткым да келбейт.  Мейли, пейлинен тапсын.

            -Асейин Абдраевич,   кумдай куюлган күндөрдү,  жыбылжыган жылдарды узатып, өмүр жашың  өйдөлөгөн  сайын  өмүрдүн таттуулугу, кымбаттыгы сезилип, баардыгы жүрөккө   жакын, баардыгы аярлуу болуп калат тура.   Дегеним  жетимиш деген белестен  артка кылчайсаңыз   жакшылык-жамандык, кубаныч-өкүнүч  деген оомал-төкмөлдөр...

      -Ии, туура айтасың, сөз төркүнүн түшүндүм.  өнөрүмдүн арты менен элге таанылганым жашоодон тапкан бактым. Менин атымды чыгарган  ыймандуу уулдарым МЧСтин башчысы  Дастан Абдраев,  Көркөм өнөр академиясында  окуп жаткан Нургеним,  жеке ишкерлик менен алектенишкен татына кыздарым  Наргиза, Нестаным, неберелерим   менин баа жеткис бактым,   кубанычым, сыймыгым. Менин  жүрүм-турумума,  оргу-баргы кыялыма түтүп, жолумду жолдоп, сүрөтчү болом деген акыл-эстүү  Нургенимдей татына уулумду төрөп берип,  акыры айланып келип, баардыгын кечирип, буркураган бозосун салып, тамагымды таптап берип, баладай бапестеп багып жаткан жароокер, боорукер, кечиримдүү  жубайым Розага миң мертебе ыраазымын.  Эркектерге  айтаарым аялыңарды сыйлагыла, көңүлүн калтырбагыла.  Жашоодогу өкүнүчүм убакытка уттуруп, көп нерседен кур калганым, чыгармачылыгымдан өксүгөнүм, далай сүрөттөрдү тартсам  болмок.

        Элден айланайын, жакында ага-туугандарым, айылдаштарым райондук бийлик жетимиш жылдыгымды өткөрөбүз деп жатышат. Оорум тууралуу айтсам  эки жыл мурда жыгылып кетип жамбашым сынган.  Операция жасаганга 120 миң сом керек экен, облус башчысы Аманбай Кайыпов өзү 20 миң  райондук бийлик, эл-журт 100 миң сом чогултуп беришип,  медицина илимдеринин доктору, профессор  дүйнөгө таанылган белгилүү ортопед-травматолог  Сабырбек Жумабеков өзү операция жасаган. Томуктун алдындагы майы жок болуп калыптыр дешет, баса албай атам. Кудай буюрса тойду өткөрүп коюп дарыланам. Менин ооруп калганымды уккан шаардык бийликтин жетекчилиги кесиптештерим, жакын санаалаштарым  келип, ал-жайымды сурап кетип атышат, баарына ыраазымын.

    Маектешкен: Бурулсун Дыйканбаева. журналист.