Маданияттын темир айымы: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата

Маданияттын темир айымы: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата

Кыргыз эл баатыры, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлүйпа Кондучалова XX кылымдагы Кыргызстандын тарыхында аялдардан чыккан биринчи мамлекеттик жетекчи жана саясатчы айым. Ал өмүрүнүн 22 жылын маданият тармагын жетектөөгө арнаган. Ошондой эле, билим берүү тармагында эмгектенген, тышкы иштер министри кызматын аркалаган. Төмөндө К.Кондучалованын эмгек жолуна назар салсак. 
Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда сары өзөн Чүйдүн туш тарабы жашыл бак-дарак менен курчалган Кара-Жыгач айылында туулган.  Атасы Кондучал менен энеси Токсумак жаштайынан жетим калып, турмуштун ачуу-таттуусун эрте татышкан. Атасы Кондучал багбан болгон. Анын тиккен бак-дарактары азыр да бой тиреп турат. Ата-эне кыздарынын билим алуусуна өзгөчө маани берикен. Кыздарынын бири Сагыйпа Кондучалова кыргыз тилин изилдеген окумуштуу. 
Күлүйпа апа 1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Нарын облусундагы Куланак толук эмес орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеген. Күлүйпа Кондучалованын кызы Галина Лихтерова-Кондучалованын айтымында, апасы мектептин директору болуп турган кезде он тогуз жашта болгон. Ал буз кезде билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Москвага барып, орден менен сыйланган. Андан соң облуста комсомол уюмунун катчысы, аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген, аялдар кеңешин жетектеген. 
Жетекчилер анын уюштуруучулук шыгын, интеллектуалдык деңгээлин, баам парасатын көрө билишип, 1945-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектепке жөнөтүлгөн. 1953-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп дайындаган. Бул жооптуу кызматтарды Күлүйпа Кондучалова беш жылча аркалайт. 
Маданияттын алтын доорун жаратты.
Күлүйпа Кондучалова 1958-жылы Маданият министри болуп дайындалат. Ал  улуттук маданиятты жаңы бийиктикке көтөрүүгө баш-оту менен киришет. Бул мезгил кыргыз маданиятынын алтын доору катары саналат. Күлүйпа Кондучалованын башкаруусу астында Искусство институту жана музыкалык-хореографиялык окуу жайы, музыкалык мектептер, маданият үйлөрү, айылдык клубдар жана китепканалар ачылган. Советтик Кыргызстандын профессионалдык искусствосу өнүккөн. Дал ошол 60-80-жылдары опера, балет, театр, сүрөт тармактарында чыгаан ишмерлер чыккан. Кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгып, “кыргыз керемети” деп аталган. Буга ошол кездеги маданият министринин түздөн-түз тиешеси болгон. Мунун себеби катары СССРдин Борбордук Комитетинде дагы анын кадыр-баркы жогору болгондугун, ошол кездеги СССРдин маданият министри Фурцева менен жакшы мамиле түзгөнүн, Москвадагы БКнын мүчөлөрү урматтап турганын жазуучу Бексултан Жакиевдин эскергени бар. Ал эми Күлүйпа Кондучалова менен он беш жыл бирге иштешкен Кыргыз эл артисти, профессор Мелис Шаршенбаев белгилегендей, темирдей тартип болбосо, маданият мынчалык профессионалдык деңгээлге көтөрүлбөйт эле. “Талантты баалай билчү. Бул кишидей жетекчини мен экинчи ирет жолуктура албадым. Мындай министр жүз жылда бир жаралат. “Ала-Тоо жазы” фестивалы, Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун декадасы, республикалык деңгээлдеги маданий иш-чаралар темирдей тартип болбосо өтпөй калмак. Ал кезде заман ошондой болчу. Ошол заманга жараша ал кишинин талабы бар болчу. Талап коюп эле тынчып калбай, ар бир кишиге камкордук көрчү” – дейт М.Шаршенбаев.
     К.Кондучалованын жетекчилиги менен Кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасы ийгиликтүү өтөт. Декаданын жыйынтыгында опера жана балет театрына „академиялык“ статус берилип, тогуз кызматкер „Ленин“ ордени, кырк бир адам „Эмгек Кызыл Туу“ ордени, 86 адам „Ардак белгиси“ ордени менен сыйланган. Залкар актер Муратбек Рыскуловго, бийчи Бүбүсара Бейшеналиевага, туңгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаевага „СССРдин эл артисти“ наамдары ыйгарылат. „СССРдин эл артисти“ ардактуу наамы көптөгөн артисттерге берилет. Бара-бара кыргыз өнөрпоздору эл аралык деңгээлде таанылат. Кайталангыс ырчы Болот Миңжылкыевдин Италиянын атактуу „Ла-Скала“ театрында тажрыйбасын өркүндөтүп келиши буга айныксыз мисал. Болот Миңжылкыевдин үнү дүйнө жүзүндө жаңырды. 1976-жылы Токиодо өткөн вокалисттердин фестивалында Кайыргүл Сартбаева күмүш медалды, 1978-жылы Гаванада өткөн Бүткүл дүйнөлүк фестивалда залкар комузчу Самара Токтакунова Баш байгени жеңип келишкен. 1976-жылы композитор Калый Молдобасановдун „Саманчынын жолу“ балет-ораториясы, 1977-жылы кинорежиссер Болот Шамшиевдин „Ак кеме“ көркөм тасмасы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 
 Журналист Мундузбек Тентимишов “Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова” аттуу китебинде Күлүйпа Кондучалованын М.Шолохов, Ю. Гагарин, И. Ахунбаев, С. Кийизбаева, М. Рыскулов, М. Абдраев жана башка коомдук ишмерлер, белгилүү адамдар менен болгон жолугушуулары тууралуу баяндаган.
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев эскергендей, Кондучалова маданиятты оңой доордо жетектеген эмес. Бирок, ошондой кыйын шартта бийликтин каарынан акылы менен айла-амал таап, таланттуу чыгарма жаралса, анын кендирин кезбей, иш жүргүзө бергендиги үчүн Кондучалова «Кондучалова» деген легендага тете атакка жеткен. Күлүйпа эженин министрлик талабы, үлгүлүү жүрүм-туруму, ой-пикирлеринин орундуулугу, чыгармачыл адамдарды эркин кармап, кагып силкпеген сабырдуулугу калыстыкка жол ачкан деген ойдомун. Эженин жетекчи катары дагы бир үлгү болорлук сапаты: эч качан эч кимди көкөлөтө мактачу эмес, ошондой эле жети өмүрүн жерге киргизе жемелеген эмес. 
Күлүйпа Кондучалова үй-бүлөсү менен театрга барганды сүйгөн. Кызы Галина Лихтерова-Кондучалова бул тууралуу: “Энемди ээрчип театрга баруу үй-бүлөлүк салтка айланган. Башында спектаклдердин кызыгы жок болуп, зеригип отурсак, бара-бара түшүнүп, тартыла баштадык. Негизи жаш бала театрга мектептен эмес, ата-энеси менен барса натыйжалуурак экен. Өзүнө алып келген пьесалардан үзүндү окуп берсе, суроолор ортого коюлуп, кызуу талкууга кирер элек. Кээ бир пьесаларды жүз жолу көргөн учурларыбыз болду. Ар бир дем алыш күндөрү биздин көчөнүн балдарын топтоп, энем жиберген атайын унаа баарыбызды театрга алып кетчү. Энем бизди искусство менен тарбиялаган” деп эскерет.
К.Кондучалованын эмгеги бааланып, СССР Жогорку Советинин (1954–1962) жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1947–1975) депутаттыгына шайланган. Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын ээси. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», I жана III даражадагы «Манас» ордендери жана медалдар, “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен сыйланган.

“Эң башкысы маданиятты сактагыла”
Күлүйпа Кондучалованын акыркы керээзи дагы маданиятка байланыштуу болгондугун замандаштары белгилешет. Коомдук ишмер Султан Раев анын өмүрүнүн акыркы күндөрү жолугушканын мындайча баяндайт. “Эженин ден-соолугу начарлап, катуу ооруп аткан мезгил болчу. “Эжени көрүп коёлу” деп бир жума мурда үйүнө бардык.  Анан эженин көзү жеткенби, мага керээз катары айтты: "Эң башкысы маданиятты сактагыла, маданият деген биздин жаныбыз, рухубуз, болбосо элди жок кылып алабыз, маданиятты сактасаңар, маданият силерди сактап калат", - деди. Ошондой эле биздин классикалык искусствого, классикалык музыкага, опера балет театрына өзгөчө көңүл бургула деген керээзин айтты. "Эгерде азыркыдай мамиле болсо классикалык искусствону жоготуп алабыз", - деди.
         Кыргыз маданиятынын алтын доорунун жаратуучусу Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында дүйнөдөн өттү.
27-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Күлүйпа Кондучалованы элибиздин ХХ кылымдагы маданий улуу жетишкендиктеринин тикелей күбөсү жана алп сүрөөнчүсү катары баалады.
     “Күлүйпа Кондучалованын ысымы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп-чыңдаган, улуттук аң-сезимди жетилткен залкар адамдар, улут аталары менен бир катарда турат. Улуттук маданиятты өнүктүрүү, ал жөнүндө кам көрүү – улутту сактоого, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүүгө барабар” – деди өз сөзүндө С.Жапаров. 
 
Гүлзада Турдалиева. журналист. Нарын шаары.