Март айында Жерге чоң астероид жакындайт

Март айында Жерге чоң астероид жакындайт

Бул потенциалдуу кооптуу деп эсептелет. Үсүбүздөгү жылдын 21-мартында  Жер үстүнөн 2001 FO32 астероиди учуп өтөөрүн НАСА билдирди. Ал 2021-жылы биздин жер планетасына  жакындаган  астероид болуп эсептелет.

2001 FO32 - Күндүн  тегеретесинде  айланган Жерге жакын көптөгөн объектилердин бири. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, алардын саны 25 миңге жакын. Бул астероиддердин 2,1 миңден ашууну "потенциалдуу кооптуу" категорияга кирет, башкача айтканда, алардын орбитасы Жерге потенциалдуу кооптуу аралыкта  жана көлөмдүү болгондуктан  чоң зыян келтириши мүмкүн.

Анын узундугу 1 кмден бир аз ашып, астероид секундасына 34,4 км ылдамдыкта жылууда . Астрономдордун  айтышынча : астероид Жердин жанынан 2 миллион километрден алыс   аралыкта учуп өтөт, бул биздин планета менен Айдын ортосундагы аралыктан 5 эсе көп.

Калил  Надирабегим