Мигранттын көз жашы жана бактысы...

Мигранттын  көз жашы жана бактысы...

                                                                                                                                                      Көкөйгө көк таштай тийген ал күндү эстегенде  көңүлү чөгө түшөт.  Ойлоп көрсө  өмүр шериги экөө не деген гана айтып түгөтө алгыс  азап-тозокторду тартышпады. Арадан жыйырма үч жыл өтсө да “түү” деген түкүрүк жерге түшпөгөн, сууктун күчү 45 градуска жеткен  дене бойду калтыраткан аяздуу суукта  буюм-тайымдарын  раскладушкага жайып коюп, буту-колун ушалап, көк муштум болуп, олтурушканын  алигиче   унута албай келет. Айтмакчы, акындын алпы  Алыкулдун айтылуу: “Эй, Россия,  Россия бир  боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен” деген  ырындагыдай  Омск шаары көр турмуштун айынан   бакыт издеп барышкан мигранттарды кучак жая  тосуп албады. 

                      Улуу державанын  ыдырашы менен   бир кездеги кубаттуу өлкөлөрдүн  экономикасы  алсырап,  элдин жашоосу жарга такалып калган он беш союздук республикадан  барган “челнокчулардын”  арасында теңиртоолук жубайлар  Нарын облустук Өрткө каршы  күрөшүү башкармалыгынын кызматкери Айылчы Аалиев менен  №2 “Чебурашка” балдар бакчасынын тарбиячысы  Төлөбүбү Осмонбекова да бар эле.

Арзыбаган айлык, жондон баскан жокчулук 

                Капилеттен кирип келген эгемен замандын эсти оодарган кайра куруу, өткөөл мезгил, базар мамилеси делген  бейтааныш угулган бул сөздөрдүн акыры  тумандаган туңгуюкка кабылтты. Короодо  эки самын, эки аракка айырбашталган  килкилдеген семиз койдун коргоолу да табылбай калды.  Турмуш оордоду, акыры жокчулук  жондон басты. Мекеме-ишканаларда иштегендер арзыбаган айлыгын алты айлап алалбай  азык-түлүктү карызга ала беришип, сатуучулардан качып калышты. Жарга   такалып калган жакыр жашоодон тажагандар кытайдын чаар баштыгын жонго илип, “челнокчу” атыгып,   туш тарапка агылышты.

         Жубайлар Россияда иштеп жүргөн  жакын санаалашы Тентимишова Таалайдын сунушу менен “жети өлчөп, бир кескен” акыл калчашып, Омскиге  кетмек болушту.  Уулдары Сьездбек Кыргыз медициналык академиясында, Азаматы Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде окушат. Көкүрөк күчүгү  Чынгызы   М.Сыдыков  атындагы орто мектептин  орус классында окугандыктан  айылдагы чоң атасы же таятасыныкына калтыра алышпай кошунасыныкына  коюшту. Ал кезде азыркыдай  уюлдук телефон жок. Уулунан санаасы тынбай  кошунасынын үйүндөгү телефону  менен  сүйлөшкөн сайын: “Мама,  мен жакшы элемин, бирок силерди сагындым” деп ыйламсыраган үнүн укканда акыл-насаатын айтып, көзүнө жаш тегерене түшөт. Эки айдан кийин кайра келип, уулун  Алкадыр байкесиникине калтырып кетти. Чынгыз   5-классты  бүткөндө Омскиге  алып  кетип, борбордогу  бир мектептен окуусун улантып,  бат эле көнүшүп,  мурдагыдай эле сабактарын бешке окуй баштаганда гана   көңүлү тына түштү.

                     Бажыдагы  айтып түгөткүс азаптар, уурдалган буюм-тайымдар...

          Ооба, бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөн жети жылда чачты агартып, жүрөктү ооруткан   айтып түгөткүс  азаптарды тарттырган ал күндөрдү эскергиси да эстегиси да келбей денеси ичиркене түшөт. Буюм-тайымдарды Алма-Атанын  Петропавловск шаарынан алышып, поезд  менен  бир жарым күн жол жүрүшөт. Билеттин  баасынын кымбаттыгынан  поезддин  узатуучусуна (проводникке ) акча берип,  эң үстүндөгү   одеял  салынган тактайдын үстүнө жатып, денеси жанчылып, араңдан зорго жетишет. Мигранттардын эсебинен оңой олжого туйтунган  бажынын кызматкерлеринин  жосунсуз жоруктарынан жүрөктөрү зилдеп бүтүштү. Каш-кирпигин карап, товарыбызды толугу менен алып өтсөк  экен дешип, жалооруй  тиктеп, болоор-болбосту шылтоолоп, каалаган  буюм-тайымын алып калышканда тим эле ичтеринен кара  кан өтүп кете жаздайт.  Поездден түшкөндө салмагы сайдын ташындай болгон чаар баштыкты жонуна  артып, бурганактаган  шамалы көз ачырбаган  түнт токойду аралап, ниети бузуктар жолукпаса экен деп элеңдеп олтурушуп, араң жетмей. Омскиге келгенден тогуз айдан кийин толтура буюм-тайым салынган сумкасын алдырып ийгенде ызасын көз жашынан чыгарып, көпкө капа болуп жүрдү. Сырттан келген “челнокчулардын”  баскан-турганын аңдып, жумурткадан кыр издеп, болоор-болбоско айыпка жыгып,   коркутуп-үркүтүп, каяша айтып,  сураган акчасын дароо бербегендердин буюм-тайымдарын караөзгөйлөнүп  алып кеткен  милициялардын  жоругуна, мындай   өкүмзордукка ызаланып, каргап-шилеп,  ыйлап кала беришет.

           2004-жылдын  апрель  айында эси-көөнүнөн  кеткис бир каргашага кабылды. Петропавловскиден Серёжа жана Рамил аттуу эки таксист жүктөп чыккан жалпы баасы 5 миң доллардык товарын  складга  түшүргөн кезде  рекеттер түнкүсүн жигин билгизбей алып кетишти. Алты жылдан бери  көрбөгөнү көр болуп тапкан-ташыганынан  бир түндө кол жууп, карайлап олтуруп калышканы жүрөгүн зилдетти.  Ичи күйүп,  көз жашын төккөнүнө зээни кейиген  Айылчы каңырыгы түтөп турса да сыртынан сыр билгизбей: “Төкө, сабыр кылчы, буйругу жок тура. Башыбыз аман болсо баардыгы жайына келет.  Жакшылыктан күдөр үзбөйлү. Бул күндөр да унут болот. Кудайдан ден соолугубузду,   бөөдө кырсыктан  сырткары болушубузду тилейли.”-деп сооротуп, маңдайынан сылаганда дене бою солкулдап, көпкө  токтоно албады. Жакын санаалаштарынан карыздап акча алышып, кайра соода-сатыгын улантышты.

                             Мээнеттен  тапкан дөөлөт 

     Ооба, “баткан күндүн аткан таңы бар” дегендей, өмүр шериги  Аалиев Айылчы айткандай  сабырдын түбү сары алтынга айланды. Жети жыл соода-сатык кылышып, ак эмгегинин үзүрүн көрүшүп, акыбети кайтты. Россиядан 2005-жылы кайтып келишип, маңдай терлери менен тапкан каражатына Бишкектен  эки үй жай сатып алышты. Үч уулун жогорку окуу жайларынан окутуп, үйлөп-жайлашты. Өздөрү  тилегендей ыймандуу келиндүү,  жерге-жээктүү, бири-бирин урматтап сыйлап турган  куда-сөөктүү болушту.

        -Кудайга шүгүр, уулдарым Айылчы экөөбүздүн жети жыл  Омскинин кычыраган суугунда  туруп, соода-сатык кылып, алардын келечегине арнаган эмгегибизди акташты,-дейт  Төлөбүбү Осмонбекова: -Тун уулубуз  Айылчиев Сьездбек  Бишкек шаардык №1 клиникада хирург. Медицина илимдеринин доктору. Азаматым “Замандаш” ассоциясында мигранттар менен иштөө боюнча координатор. Чынгызым жеке ишкерлик менен алектенет.  Ыйман-ызааттуу,   шаарга барып калганымда  айтаарга сөзүн берээрге ашын таппай апакелеп сыйлап турган келиндерим Алымкулова Эркайым косметолог. Бакыт кызы Жамила экономист, Сартаева Линура банк кызматкери. Неберелерим  Акылжан, Аскар, Нурдан, Айдан, Нуртай, Аландын: “Чоң эне сизди сагындык,  үйгө качан келесиз” дешкендерин укканда көңүлүм көлдөй толкуй түшөт.

    Аттиң, “бири кем дүйнө” деген ушул  тура. 2014-жылы  Нарын облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан өмүр шериги Айылчы экөө ээрчишип, балдарынын жакшылыгын көрөөрдө шум ажал арабыздан алып кетти. Өмүрү өр таяп калганда ачына айланып, тогуна толгонгон, таянаар тоосу  өйдөдө өбөгү,  ылдыйда жөлөгү болгон  жарынан айрылып калуу өзөгүн өрттөп кеткен кайгыга калтырса да кайратынан жазбай уул-келиндеринин, неберелеринин  өмүрүн, багын тилеп  олтурат.

      Жашоодо  адамдын кадыр-баркын арттырган  асыл сапаттарды аздектеген кең пейил, колунан келген жакшылыгын аянбаган, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган  жаркын мүнөз Төлөбүбү айым огородуна, үйүнө түркүн-түстөгү гүлдөрдү өстүрөт. Жаштайынан адат болуп калган китеп окугандан рахат алып, неберелерине кызыктуу жомокторду айтып берет. Өзүнүн ден соолугуна өзгөчө камкордук көрүп, витаминдүү тамак-аштарды  ичип,  күнүгө гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап, таза абада дем алып, жөө басып, сергек жашоо образын калыптандырган учурда “Мегакомфорт” соода комплексинде соода-сатык менен алектенген  Төлөбүбү Осмонбекова көңүлдө баккан ойлору тууралуу мындай дейт:

 -СССР  ыдырап, эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдардагы: “Аялдар базарда, эркектер казанда” делип,  азил-чыны аралаш  айтылган ал катаал мезгилдин  кыйынчылыгын аялдар жон тери менен көшөрө көтөрө билишти. Нарындын кычыраган суугунда олтуруп, далайлар ден соолугунан айрылып, оорукчан болуп калышты. Чет жакта иштеп кетишкендердин арасынан үй-жайы бузулуп, ажырашып кеткендер да  аз эмес.  Мигранттардын агымы дале токтой элек.

         Өткөн жылдын күзүндө мекенчил жаштардын  колдоосу менен келген жаңы бийлик аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү активдүүлүгүн арттырууга арналган  атайы долбоорлорду ишке ашырууга мезгил келип жетти деген ойдомун.  Зордук-зомбулукка кабылган   эне баланын, жаш кыздардын  аянычтуу тагдырлары да коомдун олуттуу көйгөйүнө айланып бараткандыгы өкүндүрөт. Андыктан  совет доорундагы: “Аялдар коомдо зор күч” деген жалындуу чакырык жашообуздан эртерээк орун алышы абзел,- деген мээнеттен дөөлөт таап уулдарынын урмат сыйына балкып олтурган Осмонбекова Толобүбүгө жашоодогу баардык жакшылыктарды, ургаачылык бак таалайды каалайбыз.

       Бурулсун Дыйканбаева.