Немис дарыгери Томас Фрилинг ичеги-карынга кооптуу болгон тамак-аштын түрлөрүн тизмектеди.

Немис дарыгери Томас Фрилинг ичеги-карынга кооптуу болгон тамак-аштын түрлөрүн тизмектеди.

Бул тууралуу  Focus журналы жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, курамында шекер, куурулган жана ышталган колбаса бар тамактардан баш тартуу керек, ошондой эле маргарин, чочко майын  жана майонезди колдонуудан алыс болууну сунуштады.
"Туура эмес тамак ичеги-карынга зыяндуу бактерияларды жайып, убакыттын өтүшү менен  ооруларды  көбүрөөк  пайда ылат ", - деп түшүндүрдү Фрилинг.

Ичеги-карындын  оорулардан  сактоо  үчүн, эксперт Жер Ортолук деңизиндеги  балыктарды, көбүнчө вегетериандык жана булага бай тамактарды сунуштады. Диетага балык,  сууга бышырылган  картошка, кара нанды кошсо болот.

Мындан тышкары, ичеги-карындын былжырлуу кабыгынын жабыркашын алдын алуу үчүн дарыгер буурчак, жасмык, нокот, шпинат жана сабиз жегенге кеңеш берди, деп белгилейт Звезда телеканалы. Дарыгер ошондой эле ичеги-карындын сезгенүүгө каршы бактерияларынын көбөйүшүнө жакшы таасир этүүчү заттар бар, ошондой эле  банандын пайдалуу жактарын белгиледи. 

Күннура  Рахманова