Сапатсыз курулган жолдор, санааркаган эл, сапырылган акчаны кайра эсептөө талап кылынат...

Сапатсыз курулган жолдор, санааркаган эл, сапырылган  акчаны  кайра эсептөө  талап кылынат...

Бүгүн ЖКнын кезектеги жыйынында Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки автомобиль жолунун 67 чакырым тилкесинин курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат талкууланды.

 Жыйындын  жүрүшүндө аталган жолдун курулушунун кечеңдеп жатышына байланышкан маселелер көтөрүлүп, транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү: “каржы маселесине байланыштуу 5 айга токтотулган. Кийин кыш келип, андан соң илдетке байланыштуу карантин киргизилгендиктен жумуштар дагы кечеңдеди”, – деди.

Депутат Бахадыр Сулейманов стратегиялык маанидеги жолдун курулушунун кечеңдеп жатышын сынга алып: “Бишкек-Кара-Балта” жолу да бүткөрүлбөй жатат. Салынгычакты эле бузула баштаганы тууралуу кептер айтылууда. Жол ортосуна суу толуп, сапаты начарлоодо”, – деди.Ошондой эле  эл өкүлү ; “Күнү-түнү иштеп жолду бүткөрүш керек болчу. Шылтоо айтуу оңой. Бирок каалаган адам кыйынчылыктан мүмкүнчүлүк таап ишти бүткөрөт. Бирок аталган эки жолдо тең кайдигерлик байкалууда”, – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушуна токтолуп, фазалык аткарылган иштердин ар бири боюнча канча акчага келишим түзүлгөнүнө кызыкты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү 126 км түзгөн биринчи фазада 399,9 млн АКШ доллары каралганын белгилеп: “Буга 3,9 км туннель жана тоо арасындагы жаңы жолдор кирет. Экинчи фазасынын узундугу 100 км. Ал эми ага каржынын каржынын суммасы 298 млн АКШ долларына барабар” – деди. Депутат Нурбек Сыдыгалиев кеткен каражаттарды кайрадан эсептеп чыгуу керектигин белгилеп, бул боюнча салыштыруу жүргүзүлөрүн эскертти. Бул маселелер Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында талкууланды, деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.